Оштун Араван каналына чөккөн эки жаш баланын сөөгү бир күндөн кийин табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековСууга чөгүп кеткен балдардын сөөгүн издеп жатышган учурда. Архив
Сууга чөгүп кеткен балдардын сөөгүн издеп жатышган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Издөө иштерине 22 куткаруучу тартылып бүгүн эртең менен саат 7.30да бир баланын сөөгүн, экинчисин саат 9.35те табышкан.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Ош шаарындагы Араван каналына чөгүп кеткен эки жаш баланын сөөгү табылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 20-август күнү Туран кичи районунда Күрөңкеев жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Араван каналына тогуз жана сегиз жаштагы балдар чөгүп кеткен.

Шамырканов: аймактарда куткаруучулардын жабдуусу жетишсиз

Издөө иштерине 22 куткаруучу тартылып, бүгүн, 21-августта, саат 07.30да тогуз жаштагы баланын, саат 9.35те сегиз жаштагы баланын сөөгү табылган. Кутаруучулар аларды туугандарына өткөрүп бергени айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0