Токтогулдагы кырсык: айдоочу мас болгон, 17 жаштагы үч кыз ооруканада

© Sputnik / Табылды КадырбековКолунда арак кармап бараткан айдоочу. Архив
Колунда арак кармап бараткан айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ кечинде болгон жол кырсыгынан бир киши каза тапкан. Экинчи унаанын айдоочусу менен жүргүнчүлөрү оорукананын жандандыруу жана хирургия бөлүмдөрүндө жатат.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Токтогул районунун Арал айылында сүзүшүп, андан кийин күйүп кеткен унаалардын биринин айдоочусу мас болгон. Бул тууралуу Sputnik агенттигине облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Эске салсак, окуя кечээ, 20-август күнү кечинде, Бишкек — Ош унаа жолунун 275-чакырымында болгон. ӨКМ Volkswagen Passat жана BMW үлгүсүндөгү жеңил унаалар кагышкандан кийин өрт чыкканын билдирген.

Эс алам деп... Хакасиядагы жол кырсыгында кыргызстандык жигиттер каза болду

ЖКККБнын маалыматы боюнча, BMW үлгүсүндөгү унааны Токтогул шаарынын 22 жаштагы жашоочусу айдап баратып, рулду башкара албай карама-каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада маңдайда келе жаткан Volkswagen Passat автокөлүгү менен кагышкан.

"Кырсыктын кесепетинен экинчи унаанын айдоочусу, Арал айылынын 53 жаштагы тургуну жергиликтүү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келе албай каза болгон. Ал эми биринчи унаанын 22 жаштагы айдоочусу менен жүргүнчү катары бараткан 17 жаштагы үч кыз жергиликтүү ооруканага жаткырылган. Учурда айдоочу менен кыздардын бири хирургия бөлүмүндө, ал эми эки кыз реанимацияда", — деп айтылат маалыматта.

Экспертизанын жыйынтыгында BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас экендиги аныкталган. Тергөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0