Mercedes-Benz G-Class унаасы. Архивдик сүрөт

Үлпөт тойдун кортежин коштоп баратып... Кара-Суудагы жол кырсыгынын чоо-жайы

10294
(жаңыланган 19:34 22.08.2020)
Соцтармакка жарыяланган видеодон үлпөт тойдун кортежин коштоп чыккан жигиттерден автоунаасы кырсыктаганын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылында Mercedes Gelandewagen менен КамАЗ оор жүк ташуучу унаасынын кагышкан учуру видеого тартылып калган.

Окуя кечээ, 21-августта, болгон, жаракат алгандар бар.

Аталган кадр "Короче" Telegram-каналына жүктөлгөн. Андан үлпөт тойго чыккан жигиттер бир нече Gelandewagen үлгүсүндөгү автоунаалар менен бара жатканын көрүүгө болот. Алар машинасын бирде каршы тилкеге, бирде өз жолуна түшүп айдап бара жатышкан. Ошол учурда бирөө карама-каршы багытта келе жаткан КамАЗ менен кагышкан. Эки унаа тең талкаланып калган.

Төрт дөңгөлөгү асманды карап... Кара-Көлдөгү үрөй учурган жол кырсыктын сүрөттөрү

Ош облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы аталган факты боюнча иш алып барууда.

10294
Белгилер:
той, Кара-Суу шаары, кырсык, автоунаа
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (241)
Тема боюнча
Ошто Gelandewagen жана КамАЗ кагышты. Жол кырсыгынын видеосу
Төрт дөңгөлөгү асманды карап... Кара-Көлдөгү үрөй учурган жол кырсыктын сүрөттөрү
Бишкекте эркек кишини бир учурда эки унаа коюп кетти. Окуянын видеосу
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив

Бишкекте төрт машина кагышты. Видео

91
(жаңыланган 19:39 29.09.2020)
Төрт машина кагышкан жол кырсыктан жабыркагандар жок. Окуя шаардын түндүк тарабында, Элебесов көчөсүндө болгон.

БИШКЕК, 29-сен. – Sputnik. Бишкекте бүгүн төрт жеңил унаа кагышканын Кайгуул милициясынан билдиришти.

Жол кырсыгынын видеосу Telegram-каналынын “Короче” тайпасына жарыяланды.

Окуя Фере жана Элебесов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Күбөлөрдүн айтымында, кырсыктын айынан Баялинов көчөсүнө чейин тыгын жаралган.

Милициядан билдиришкендей, жабыркагандар жок.

91
Белгилер:
жол кырсык, Бишкек
Тема боюнча
Анжиянда кыргызстандык айдоочу эки кызды коюп, өзү кошо көз жумду
Анжиянда болгон жол кырсыгы

Анжиянда кыргызстандык айдоочу эки кызды коюп, өзү кошо көз жумду

175
(жаңыланган 12:32 29.09.2020)
Факты боюнча "Жол эрежесин бузуу" беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдарын улантуу үчүн иш Анжиян облустук ИИБине өткөрүлдү.

БИШКЕК, 29-сен. – Sputnik. Булакбашы — Анжиян трассасында Volvo жүк ташуучу унаасынын кыргызстандык айдоочусу жолдо бараткан эки кызды коюп кеткен. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин сайтына жарыяланды.

  • Последствия ДТП грузовым транспортным средством марки Volvo который несправившись с управлением, выехал на встречную полосу движения и совершил наезд на пешеходов на автодороге Булакбаши-Андижан в Андижанской области
    Булакбашы — Анжиян трассасында Volvo жүк ташуучу унаасынын кыргызстандык айдоочусу жолдо бараткан эки кызды коюп кеткен
    © Фото / пресс-служба МВД Узбекистана
  • Последствия ДТП грузовым транспортным средством марки Volvo который несправившись с управлением, выехал на встречную полосу движения и совершил наезд на пешеходов на автодороге Булакбаши-Андижан в Андижанской области
    Маалыматка караганда, окуя 28-сентябрь күнү саат 17:20да болгон
    © Фото / пресс-служба МВД Узбекистана
  • Последствия ДТП грузовым транспортным средством марки Volvo который несправившись с управлением, выехал на встречную полосу движения и совершил наезд на пешеходов на автодороге Булакбаши-Андижан в Андижанской области
    Аталган факты боюнча Булакбашы районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан "Жол эрежесин бузуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду
    © Фото / пресс-служба МВД Узбекистана
  • Последствия ДТП грузовым транспортным средством марки Volvo который несправившись с управлением, выехал на встречную полосу движения и совершил наезд на пешеходов на автодороге Булакбаши-Андижан в Андижанской области
    Учурда тергөө амалдарын улантуу үчүн иш Анжиян облустук ИИБине өткөрүлдү
    © Фото / пресс-служба МВД Узбекистана
1 / 4
© Фото / пресс-служба МВД Узбекистана
Булакбашы — Анжиян трассасында Volvo жүк ташуучу унаасынын кыргызстандык айдоочусу жолдо бараткан эки кызды коюп кеткен

Маалыматка караганда, окуя 28-сентябрь күнү саат 17:20да болгон.

"28 жаштагы Ш.Л. Саноат айылынын аймагында жүк ташуучу унаасын айдап баратып кырсыктаган. Кыргызстандык айдоочу рулду башкара албай калып, жолдун каршы тилкесине чыгып кеткен. Натыйжада жолдун четинде бараткан 10 жана 3 жаштагы кыздарды коюп, андан ары турак үйдү сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен эки кыз менен айдоочу жеринде көз жумган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Булакбашы районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан "Жол эрежесин бузуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдарын улантуу үчүн иш Анжиян облустук ИИБине өткөрүлдү.

175
Белгилер:
жол кырсык, Өзбекстан, Анжиян
Тема боюнча
Кырсыктарды алдын алуу үчүн Алматыда өзгөчө жол белгисин чийүү пландалууда
Эс алып жаткан куруучулар. Архив

Курулуш тармагынын сегиз ай ичинде аксашынын 4 себеби аталды

0
(жаңыланган 08:46 30.09.2020)
Аталган тармактын аксашына карантин убагында бардык курулуш компанияларынын иштеринин токтошу бирден бир себеп болгону айтылды.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Январь-июль айларында курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү азайып, 68,1 миллиард сомду түзгөн. Бул туурасында Экономика министрлигинин сегиз ай ичиндеги өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча маалыматында айтылды.

"Экономиканын капитализациялануу көлөмүнөн алганда, быйылкы жылдын январь-август айларында курулуш продукцияларынын жалпы дүң көлөмү 68,1 миллиард сомду түзүп, 7,8 пайызга төмөндөгөн (өткөн жылдын январь-август айларында 7,7 пайызга өсүш болгон). Жалпы экономикалык өсүшкө карата курулуш секторунун таасири терс чыккан. Тагыраагы, ИДП түзүлүшүнө салымы (-) 0,56 пайыздык пункт болуп, ИДП өндүрүшүндө анын салыштырмалуу салмагы 6,8 пайызды түзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Экономика министри: Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү кыскарды

Курулуштун төмөндөшүнө төмөнкү факторлор себеп болгон:

  1. Карантин убагында республикадагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга тартылган чет өлкөлүк компаниялардын кызматкерлеринин жок болушу;
  2. Чек аралардын жабылышынан улам курулуш материалдарынын жана машиналар менен жабдууларга тетиктердин келүүсүнүн чектелиши;
  3. Карантин убагында бардык курулуш компанияларынын иштеринин токтошу жана башкалар болгон.
  4. Январь-август айларынын жыйынтыгы менен негизги капиталга түшкөн инвестициянын көлөмү каржылоонун бардык булактарынын эсебинен 63,4 миллиард сомду түзүп, 14,7 пайызга төмөндөгөн.

2020-жылдын январь-августундагы инвестициянын негизги көлөмү (алардын жалпы көлөмүнүн 84,0 пайызы) пайдалуу жер байлыктарын казуу курулуштарына, электр энергия менен камсыздоо, газ, буу жана тазаланган аба менен камсыздоого багытталган. Бул катарга дүң, чекене соода, автоунаа менен ташуу ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, ошондой эле турак жайларды курууну да кошсо болот.

0
Белгилер:
курулуш, инвестициялар, экономика, Кыргызстан
Тема боюнча
Балыкчыда этти кайра иштетүүчү завод курулуп, продукциясы экспорттолот
Кыргыз өкмөтү COVID кесепетинен канча карыз алып, кайда жумшап жатат. Саресеп