Сжатый кулак мужчины. Архивное фото

81 жаштагы карыяны көчөдө ур-тепкиге алган жигит изделүүдө. Видео

869
(жаңыланган 23:39 22.08.2020)
Окуя ушул жылдын 14-августунда саат 13:00 чамасында болгон. Кыдырша айылындагы азык-түлүк саткан дүкөндөрдүн биринин алдындагы отургучта отурган жергиликтүү карыяны бейтааныш жигит уруп жиберген.

ОШ, 22-авг. – Sputnik. Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүндөгү Кыдырша айылында 81 жаштагы карыяны ур-тепкиге алган жигит изделип жатат. Бул маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эске сала кетсек, социалдык тармакта улгайган карыяны жанында отурган жигит бир канча ирет ур-тепкиге алгандыгы тууралуу видео тараган. Аны "Короче" Telegram-каналы дагы жарыялаган.

Аширбаевдин айтымында, окуя ушул жылдын 14-августунда саат 13:00 чамасында болгон.

Кыдырша айылындагы азык-түлүк саткан дүкөндөрдүн биринин алдындагы отургучта отурган карыяны жанаша отурган жигит уруп жиберген. Жабырлануучу алган жараатынан улам окуядан төрт күн өткөн соң, 18-августта, Кара-Суу райондук ооруканасына жеткирилген.

Жатып калган кишини мыкаачылык менен сабады делген киши кармалды

Бул факты райондук милиция тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүмү менен катталды.

Милициянын ыкчам-тергөө тобу тарабынан окуя болгон жерде жайгашкан дүкөндүн видеотасмасы алынып, иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Жабырлануучу карыянын алган жараатын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Карыяны себепсиз сабаган жигиттин өздүгү аныкталып, ал Кара-Суу шаарынын 36 жаштагы жашоочусу экендиги белгилүү болду.

“Ал буга чейин соттолгондугу жана дудук, оорулуу экендиги белгилүү болду. Ал карыяга эч бир себепсиз эле кол көтөргөн. Жабырлануучу шектүү жигиттин оорулуу экендигин билип, анын үстүнөн арыз жазган эмес», — деди Аширбаев.

Шектүү окуядан соң изин жашырып, Бишкек шаарына качып кетүүгө үлгүргөн. Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан кармоо үчүн иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

869
Белгилер:
шектүү, Бишкек, карыя, милиция
Тема боюнча
Милиция: Бишкекте жасалма бомба табылып, жеринде жок кылынды
Райондук оорукана

Россияда көпүрө кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 51ге жетти

312
(жаңыланган 18:56 27.09.2020)
Медициналык жардамды ыкчам көрсөтүү үчүн айрым бейтаптар райондук ооруканаларга тик учак менен жеткирилген.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Москва облусунда көпүрө кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 51ге жетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен маалымдашты.

Эске салсак, 27-сентябрь күнү Россиянын Москва облусундагы "FM LOGISTIC" (кампа комплекси) логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, андан кыргыз жарандары жабыркаганы айтылган.

Кырсыктан жапа чеккен мекендештердин ичинен төртөөнүн абалы оор. Каза болгондор катталган эмес.

"Элчиликтин кызматкерлери менен "FM LOGISTIC" компаниясынын жетекчилиги сүйлөшүп, жыйынтыгында компания кырсыктаган бардык КР жарандарына материалдык жактан колдоо көрсөтүп, медициналык камсыздандыруу алып берүүнү убадалады. Азыркы тапта тиешелүү тараптардын өкүлдөрү оор абалдагы бейтаптардан кабар алуу үчүн Красногорск жана Солнечногорск шаарларындагы ооруканаларга чыгып кетишти. Медициналык жардамды ыкчам көрсөтүү үчүн айрым бейтаптар ооруканага тик учак менен жеткирилген",— деп айтылат маалыматта.

Жабыркагандар мындан тышкары Ступино, Чехов, Серпухов, Подольск, Коломна, Домодедово райондук ооруканаларына да жаткырылганы кошумчаланды.

Окуя болгон жерде элчиликтин консулу Россиянын прокуратура, тергөө комитети жана Москва РИИБ өкүлдөрү менен жолугуп, ишти объективдүү иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну өтүнгөн.

Россияда кыргызстандыктар жабыркаган кырсыктын болжолдуу себеби айтылды

Мындан сырткары, элчилик Россиянын Тергөө комитетине, Башкы прокуратурасына жана Ички иштер министрлигине атайын каттарды жибергени кабарланды.

Маселени КРдин Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов жеке көзөмөлүнө алды.

312
Белгилер:
жардам, иликтөө, көпүрө, кырсык, мекендештер, жаран, Россия
Тема боюнча
Кулаган учактан аман калган курсанттын атасы: мен дагы үч жолу кырсыктагам
Москва облусунда кыргызстандыктар жабыркаган көпүрө кырсыгы

Россияда кыргызстандыктар жабыркаган кырсыктын болжолдуу себеби айтылды

230
(жаңыланган 17:25 27.09.2020)
Аталган ишканада жалпысынан 149 кыргыз жараны иштечү. Алардын баарында тең медициналык жана башка камсыздандыруусу жок болуп чыкты.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Москва облусунда кыргызстандыктар жабыркаган көпүрө кырсыгына жүктүн нормадан ашып кетиши же тетиктердин эскирип калышы себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу облустун Тергөө башкармалыгына шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Кырсыкка себеп болчу бир нече версия каралып жатат. Мисалы, жүктүн нормадан ашып кетиши же тетиктердин эскилиги себеп болушу ыктымал”, — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда ишкананын документациясы алынып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, Россиянын Москва облусундагы "ФМ Сидорово" логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, Кыргызстандын 49 жараны жабыркаган. Жабыркаган мекендештердин ичинен төртөөнүн абалы оор, каза болгондор жок.

Кулаган учактан аман калган курсанттын атасы: мен дагы үч жолу кырсыктагам

Аталган ишканада жалпысынан 149 кыргыз жараны иштечү. Алардын баарында тең медициналык жана башка камсыздандыруусу жок болуп чыкты. Элчилик жабыркаган кыргызстандыктарга материалдык компенсация төлөтүп берүү боюнча иштеп жатат. Маселени КРдин Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов жеке көзөмөлүнө алган.

230
Белгилер:
кырсык, көпүрө, Россия
Тема боюнча
Казакстан Россиядагы кыргызстандыктарга "жашыл коридор" ачууга макул болду
Беларусь президенти Александр Лукашенко. Архив

Лукашенко президенттиктен кетүүнү сунуштаган Макронго жооп кайтарды

0
(жаңыланган 23:58 27.09.2020)
Лукашенко Париждин көчөлөрүнө чыккан “Сары кемселчендерди” Макрондун эсине салып, аны жетиле элек саясатчы катары сыпаттады.

БИШКЕК, 27-сен. – Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенко француз кесиптеши Эммануэль Макронду жетиле элек саясатчы деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен Макрон Лукашенкого президенттик постунан кетүүнү сунуштаган. Буга Беларусь башчысы жооп кайтарды.

“Эгер Макрондун логикасына таяна турган болсок, анда ал өзү дагы эки жыл мурун эле, “Сары кемселчендер” Париждин көчөлөрүнө чыкканда кызматынан кетиши керек болчу”, – деген Лукашенко.

Ал ошондой эле Black Lives Matter кыймылынын жана Марсель менен Лиондогу мусулмандардын каршылык акцияларын эске салып, Минск ошол кыймылдын мүчөлөрү менен Макрондун сүйлөшүүлөрүнө аянтча болуп берүүгө даяр экенин белгиледи.

Лукашенко анын француз кесиптеши Беларустагы шайлоого өтө эле көп көңүл буруп жатканын кошумчалаган.

Евробиримдик жана АКШ: Беларусь менен көйгөйлөрүн Польша өзү чечип алсын

Эске салсак, 9-августта Беларуста президенттик шайлоо өткөн. БШКнын эсеби боюнча, өлкөнүн учурдагы башчысы Александр Лукашенко добуштардын 80,1 пайызына ээ болсо, экинчи орунду 10,12 пайыз менен Светлана Тихановская ээлеген. Ал эми оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, Тихановская Литвага чыгып кеткен.

0
Белгилер:
Эммануэль Макрон, Александр Лукашенко, Беларусь
Тема:
Беларустагы нааразылык акциялары
Тема боюнча
Лукашенко расмий түрдө президенттик кызматына киришти