Көлдүн Чырпыктысында жол кырсыгынан айдоочу мерт болду. Каргашанын видеосу

© AFP / JOE RAEDLEАвтоунаа жол кырсыкка катталган учурда. Иллюстративдик сүрөт
Автоунаа жол кырсыкка катталган учурда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милициянын алдын ала берген маалыматы боюнча, жол кырсыгы 23-августка караган түнү болгон. Окуяга күбө болгондордун бири айдоочунун таксист болуп иштегенин айтты.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында жол кырсыгы катталып, бир киши каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Каргашанын видеосу "Короче" аталышындагы Telegram-каналга жүктөлдү.

Милициянын алдын ала берген маалыматы боюнча, жол кырсыгы 23-августка караган түнү болуп, Honda Stepwagon үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу көз жумган. Окуяга күбө болгон адам айдоочу жүргүнчүлөрдү Көлдөгү курорттук аймакка ташып иштегенин божомолдоду.

Бишкекте эркек кишини бир учурда эки унаа коюп кетти. Окуянын видеосу

Жол кырсыгынын себептери такталып жатат. Милиция кийинчерээк кенен маалымат берүүнү убадалады.

Айдоочудан башка жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0