Бишкектин четинде сууга чөккөн эки жигит изделип жатат

© Sputnik / Михаил Мокрушин / Медиабанкка өтүүОтдых в Краснодарском крае
Отдых в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык 23-август күнү болгон. Айылдагы көлмөгө 22 жаштагы эки жигит чөгүп кеткен. Аларды ушул тапта ӨКМдин 10 куткаруучусу издөөдө.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Аламүдүн районунун ГЭС-5 айылында көлмөгө чөгүп кеткен эки адам изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кырсык 23-август күнү болгон. Айылдагы көлмөгө 22 жаштагы эки жигит чөгүп кеткен.

Аларды издөөгө ӨКМден 10 куткаруучу тартылган. Издөө иштери бүгүн дагы уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0