Аламүдүн: көлмөгө чөгүп кеткен эки жигиттин сөөгү табылды

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүЧөккөн кишилерди изделүү учурунда. Архив
Чөккөн кишилерди изделүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ көлмөгө 22 жаштагы эки жигит түшүп кетип, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары издеп жаткан.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Аламүдүн районунун ГЭС-5 айылындагы көлмөгө чөгүп кеткен эки жигиттин сөөгү табылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 23-августта, көлмөгө 22 жаштагы эки жигит түшүп кетип, изделип жаткан.

Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен бөбөктүн сөөгү 8 күндөн кийин табылды

Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында сегиз куткаруучу тартылып, саат 11:50дө алардын сөөгүн таап, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкени кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0