50 миң сом пара алып жаткан Бишкек мэриясынын кызматкерин УКМК колго түшүрдү

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРЗадержание сотрудника мэрии Бишкека по факту вымогательства взятки
Задержание сотрудника мэрии Бишкека по факту вымогательства взятки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук тамактануучу жайлардын биринде эреже бузуу катталган. УКМК белгилегендей, мэрия кызматкери жайкы тамактануу жайын бузам деп коркутуп, мүлк ээсинен 100 миң сом пара талап кылган.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРБишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРУКМКнын Коррупцияга каршы кызматы (ККК) белгилегендей, мэрия кызматкери коомдук тамактануу жайын текшерген учурда мыйзам бузууларды аныктаган.
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы (ККК) белгилегендей, мэрия кызматкери коомдук тамактануу жайын текшерген учурда мыйзам бузууларды аныктаган. - Sputnik Кыргызстан
2/2
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы (ККК) белгилегендей, мэрия кызматкери коомдук тамактануу жайын текшерген учурда мыйзам бузууларды аныктаган.
1/2
Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
2/2
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы (ККК) белгилегендей, мэрия кызматкери коомдук тамактануу жайын текшерген учурда мыйзам бузууларды аныктаган.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы (ККК) белгилегендей, мэрия кызматкери коомдук тамактануу жайын текшерген учурда мыйзам бузууларды аныктаган. Тамактануу жайынын айрым бөлүгүн бузам деп коркутуп, маселени оң жагына чечүү жана аны жаап-жашыруу үчүн мүлк ээсинен 100 миң сом пара талап кылган. Мэрия кызматкери ошондой эле алардын кыңыр иштерин калкалоону убадалап, ал үчүн туруктуу "сый акы" сураганын УКМК белгилейт.

3 кг алтын уурдашкан. Бишкекте үч милиционер кармалды

"25-августта УКМКнын КККнын ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө 50 миң сом пара алып жаткан жеринен Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкери кармалды", —  деп айтылат билдирүүдө.

Сотко чейин өндүрүштүн материалдары кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Пара талап кылуу" беренеси менен катталган. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0