Баткен: бир түндө үч кишиге куралчан кол салып, сабап кеткендер кармалды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүМужчина с пистолетом
Мужчина с пистолетом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факты боюнча "Бейбаштык" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, 21 жаштан 31 жашка чейинки Жалал-Абад менен Баткендин төрт тургуну кармалган.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Баткен облусунда жергиликтүү тургундарга курал-жарак менен кол салган адамдар кармалды. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 12-август күнү саат 23:30дар чамасында Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынан белгисиз кишилер 23 жаштагы жергиликтүү тургунду ээн талаага алып барып сабашкан. Андан кийин тапанча менен коркутуп, акча талап кылышкан. Бирок жабырлануучу качып кетүүгө үлгүргөнү айтылат. 

© Фото / пресс-служба МВД КРБаткен облусунда жергиликтүү тургундарга курал-жарак менен кол салган адамдар кармалды
Баткен: бир түндө үч кишиге куралчан кол салып, сабап кеткендер кармалды - Sputnik Кыргызстан
Баткен облусунда жергиликтүү тургундарга курал-жарак менен кол салган адамдар кармалды

Андан кийин кылмышкерлер 26 жаштагы башка тургунду дагы тапанча менен коркутуп, сабап, акча талап кылышкан. Ошол эле түнү унаасы менен кетип бара жаткан дагы бир 26 жаштагы кишини токтотуп, эч себепсиз таяктап салышкан.

Баткенде ири суммага алдап кетти делген аял 10 жылдан кийин Москвадан кармалды

Үч окуяда тең кылмышкерлер тапанча колдонуп, унаанын кузовун жабыркатышкан. 

© Фото / пресс-служба МВД КРШектүүлөрдүн алдынан табылган тапанча
Баткен: бир түндө үч кишиге куралчан кол салып, сабап кеткендер кармалды - Sputnik Кыргызстан
Шектүүлөрдүн алдынан табылган тапанча

Аталган фактылар боюнча "Бейбаштык" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 21 жаштан 31 жашка чейинки Жалал-Абад менен Баткен облусунун төрт тургуну кармалган. Соттун чечими менен шектүүлөр эки айга камакка алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0