Бишкекте Honda Fit даракты сүзүп, бир жүргүнчү мерт болду. Видео

© Sputnik / Антон МаксименкоЖол кырсык. Архив
Жол кырсык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соцтармакка жарыяланган кадрдан автоунаанын төрт дөңгөлөгү асманды карап, оодарылып калганын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Бишкектин 7-апрель көчөсүндө (Ботаникалык бактын айланасы) жол кырсыгы катталып, Honda Fit автоунаасынын бир жүргүнчүсү каза болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы билдирди.

Кырсык 28-августка караган түнү саат 01.00дөр чамасында болгон.

Окунын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу рулду башкара албай калып, жол четиндеги бакты сүзгөн. Кадрдан автоунаанын төрт дөңгөлөгү асманды карап, оодарылып калганын көрүүгө болот.

Бишкекте үрөй учурган жол кырсыгы 7 жаштагы кыздын өмүрүн алды. Видео

Мунун кесепетинен үч адам жаракат алып, бир жүргүнчү мерт болгону айтылат.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, авариянын себеби такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0