Борбордо "Бишкек суу каналынын" унаасы оодарылып калды. Кырсыктын видеосу

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүГАЗ-3309 автоунаасы. Архив
ГАЗ-3309 автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Болжолдуу маалыматтар боюнча, машинанын тормозу иштебей калган. Кырсыктан 32 жаштагы эки эркек киши жабыркап, Тез жардам унаасы алып кеткен.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Бишкектеги Осмонкул көчөсүндө жол кырсыгы катталып, "Бишкек суу каналы" ишканасынын унаасы оодарылып калды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Кырсык болжол менен саат 10:30дарда катталган. Окуянын видеосу "Короче" аталышындагы Telegram-каналга жүктөлдү.

Кадрлардан унаа чиркегичи менен капталдап кулап жатканын көрүүгө болот.

"ГАЗ-3309 үлгүсүндөгү унаа Осмонкул көчөсү менен түндүк тарапка бара жатканда оодарылып кеткен. Болжолдуу маалыматтар боюнча, анын тормозу иштебей калган", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек — Ош трассасында фура кырсыктап, жолдун жарымын тосуп калды. Видео

Кырсыктын айынан 32 жаштагы эки эркек киши жабыркап, аларды Тез жардам унаасы алып кеткен.

Милиция кырсыктын себептери дагы такталып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0