Бишкекте кишини сабагандар изделүүдө. Жабырлануучу реанимацияга түштү. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековКишилер мушташып турат. Иллюстративдик сүрөт
Кишилер мушташып турат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таякталган жигиттин жыйырма жети жашта экендиги айтылды. Милиция бул боюнча иликтөөсүн баштады.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Социалдык тармакка Көк-Жар кичи районунда катуу сабалган жигиттин видеосу тарады. Октябрь райондук милициясынан бул окуя Көк-Жар кичи районунда болгондугун тастыкташты.

Алар аталган кылмыш мындан бир нече күн мурда, тагыраагы, 26-августта болгондугун, адамдын сабалганы боюнча маалыматты Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан 102 кызматына бергенин айтышты. К.Ш. аттуу жаран башынан алган жаракатынан улам аталган оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Ошто 81 жаштагы карыяны сабады делген киши кармалып, милиционерге да кол салды

"Маалыматтан соң ыкчам тергөө тобу токтоосуз жөнөп кеткен. Алар барганда жабырланган 27 жаштагы К.Ш. кайра жандандыруу бөлүмүнө түшүп калган. Учурда Жазык кодексинин 266-беренесинин ("Бейбаштык") негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталды", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда милиция кызматкерлери аталган кылмышка катыштыгы барларды издөө жана тактоо иштерин жүргүзүп жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0