Нарын: көмүр ташып бараткан айдоочуга таш ыргытып, ок аткандар изделүүдө

© Sputnik / Эмиль СадыровШахтерский город Сулюкта в Баткенской области
Шахтерский город Сулюкта в Баткенской области  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлануучунун айтымында, окуяга чейин белгисиз адамдар тарабынан коркутуу болуп, алар көмүрдү ашыкча жүктөп жатасыңар деп нааразы болушкан.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Нарын облусунун Жумгал районунда оор жүк ташуучу унаанын айдоочусуна таш ыргытып, ок чыгаргандар изделүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 28-август күнү саат 00:00дөр чамасында Жумгал РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Чүй облусунун 28 жаштагы тургуну байланышкан.

"Анын айтымында, Howo үлгүсүндөгү унаасы менен Миң-Куш айылында жайгашкан Ак-Улак көмүр тилкесинен Балыкчы шаарына көмүр жүктөп бараткан. Ошол маалда Чаек айылы менен Байзак айылынын ортосунан белгисиз адамдар унаасынын терезесин таш менен уруп талкалап, андан соң эки жолу ок атуучу курал менен атышкандыгын билдирди. Ал унаада өзү жалгыз болгон", — деп айтылат маалыматта.

Жумгал райондук милициясынын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барганда Howo унаасынын сол жактагы терезеси сынып, кузову менен дөңгөлөгүнөн ок атуучу куралдын окторунун чачырандысы аныкталган.

Аталган факты боюнча "Ээнбаштык" беренесине ылайык сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Өзгөн: тойдо досун куттуктап асманга ок чыгарган видеодогу жигит кармалды

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучу буга чейин көмүр ташыган жерден коркутуу болгонун айтып берген.

"Арыз жазган киши 28-август күнү кечинде өзү менен чогуу көмүр жүктөп чыккан таякеси жолдо турганын көрүп, артынан токтогон. Бул учурда Subaru Outback үлгүсүндөгү унаа айдаган бейтааныш 4-5 жигит таякеси менен сүйлөшүп жаткан. Алар "такай көмүрдү ашыкча жүктөйсүңөр. Силерге акча керек болсо бизге жол керек. Мындайыңарды токтотпосоңор машинаңарды киргизбей коебуз" деп Чаек айылы тарапка кетип калышкан. Алар беттерин жашырып сүйлөшүшкөн", — деп айтылат маалыматта.

Учурда облустук милиция тарабынан кылмышка тиешеси бар адамдардын ким экенин тактоо жана аларды кармоо боюнча иштер жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0