Бишкек: автоинспектордун колун эшикке кыпчыган айдоочу 260 миң сом айыпка жыгылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милиция кызматкери. Архив
Кайгуул милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочудан өндүрүлгөн каражат мамлекеттин эсебине түшөт. Бирок сот инспекторго дарылоого кеткен каражатты төлөтүп берүүдөн баш тарткан.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Биринчи май райондук соту коменданттык саат учурунда Кайгуул милиция кызматкеринин колун эшикке кыпчып айдап кеткен Mazda Demio автоунаасынын айдоочусун күнөөлүү деп таап айыпка жыкты.

Өкүмдө Т. у. И. аттуу Бишкектин тургуну кызматтык милдетин аткарып жаткан бийлик өкүлү — Кайгуул милициянын кенже инспекторунун өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбеген күч колдонгону белгиленет.

Айыптоочу тараптын айтканы

Окуя Жибек Жолу проспектиси жана Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинде 4-май күнү саат 22.40 чамасында болгон.

"Инспектор айдоочудан автоунаасынын документин сураган, ал эшигин ачып кандайдыр бир кагазды көрсөткөн. Кайрадан айдоочулук күбөлүгү менен машинанын документин көрсөтүүсүн талап кылганда эшикти катуу жаап, инспектордун колун кыпчыган тейде айдай качкан. Милиционер автоунаа менен кошо чуркаганга аргасыз болгон. 30 метрден кийинки бурулушта инспектордун колу чыгып кетип жерге жатып калган. Мунун кесепетинен денесинен жаракат алган. Ал эми айдоочу токтобой чыгыш тарапты көздөй кеткен", — деп жазылат соттун өкүмүндө.

Капотко сүйрөлүп, жерге жыгылып... Бишкекте милиционерди сүзгөн учурдун видеосу

Айдоочунун жүйөсү

Ал 4-майда туугандарына чарбалык иштерине жардам берүү үчүн барганын айткан. Кечке чейин иштеп, коменданттык саат башталып калганын билген, бирок ага карабай Т. у. И. үйүнө жөнөгөн. Жибек Жолу проспектиси менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинен аны Кайгуул милиция кызматкерлери тоскон. Аларды көрүп ылдамдыкты жайлаткан, бирок кармаса коё бербей коёт деп коркуп, токтобой кайра айдап кеткен. Ошол учурда инспекторлордун бири машинанын капотуна жармашкан. Айдоочу оң тарапка бурулганда милиционер түшүп калган. Айыпкер автокөлүктүн эшигин такыр ачпаганын айтууда.

Бул окуядан кийин ал жаракат алган инспекторго материалдык жардам сунуштаган, бирок анын апасы миң доллар сураганын билдирген сотто. Айыпкер дарылоо үчүн 10 миң сом төлөгөнгө даяр болгонун айткан.

Ош: күйөөм УКМКда иштейт деп чатак салган аял мунапыстан улам жазадан бошотулду

Соттун чечими

Райондук сот айдоочуну Жазык кодексинин 355-беренеси ("Бийлик өкүлүнө күч колдонуу же коркутуу") менен күнөөлүү деп таап, ага мамлекеттин эсебине 260 миң сом айып пул төгүү жазасын бекитти.

Деген менен сот айыпкер инспекторго дарылоого кеткен акчасын төлөтүп берүүдөн баш тарткан. Буга материалдык чыгымды тастыктоочу документтер толук алып келинбегени себеп болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0