Аскер кызматкерлери. Архивдик сүрөт

Жалал-Абадда кызмат өтөп жаткан аскер өз өмүрүн кыйды

211
(жаңыланган 09:53 01.09.2020)
Окуя эки күн мурда болгон. Учурда аскердин өлүмүнүн себеби такталууда, ошондой эле кызматтык иликтөө иштери башталды.

БИШКЕК, 1-cен. — Sputnik. Жалал-Абадда мөөнөттүү кызматын өтөп жаткан аскер өмүрүнө кол салып каза болгонун Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, окуя 30-август күнү 2027-аскер бөлүгүндө болгон.

Жээнбеков Баткенде чек арачыларга жолугуп, чогуу тамактанды. Сүрөт

Учурда аскердин өлүмүнүн себеби такталууда, ошондой эле кызматтык иликтөө иштери башталды.

Факты Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тиешелүү иш-чаралар өткөрүлүп баштаганы айтылды.

211
Белгилер:
суицид, өлүм, Аскер, Мамлекеттик чек ара кызматы, Жалал-Абад
Тема боюнча
Чек ара чырларына качан чекит коюлат? Президент Жээнбековдун жообу
Россиянын бажы кызматкери. Архивдик сүрөт

Кыргызстандын жараны Россиянын бажы кызматкерине пара берип жатып кармалды

144
РФ аймагына мыйзамсыз негизде бут кийим киргизүүгө аракет жасаган кыргызстандык жаран бажы кызматкерине пара сунуштаган. Бирок ал акчаны албастан, тийиштүү органдарга кабарлаган.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Россияда бажы кызматкерине 300 миң рубль пара берген кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Урал бажы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, КР жараны Россиянын аймагына маркировкадан өтпөгөн 70 миң бут кийим киргизүүгө аракет жасаган. Товар жүктөлгөн унаа орус-казак чек арасындагы "Бугристое" көзөмөл өткөрүү бекетинен кармалган.

Эки күн мурда Финпол колго түшүргөн салыкчы кызматтан алынды

Бажы кызматкери ага пара сунушталганы тууралуу Челябинск бажысынын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнө кабарлаган.

"Пара берүү фактысы каттоого алынып, шектүү колго түштү", — дешти башкармалыктан.

Факты боюнча РФнын Кылмыш-жаза кодексинин 291-беренеси ("Пара берүү") боюнча кылмыш иши козголду. Шектүүгө 1-3 миллион айып салынып же 7-12 жылга эркинен ажырашы мүмкүн.

144
Белгилер:
пара, коррупция, Россия, бажы, Кыргызстан
Тема боюнча
УКМК: ИИМдин бөлүм башчылары кол астындагылардан акча талап кылган
Баңгизат сатып жаткан милициянын полковники Бишкекте кармалды

УКМК: Бишкекте баңгизат сатып жаткан полковник кармалды

964
(жаңыланган 20:39 23.09.2020)
Кармалган жаран Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн полковниги экени айтылды.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын полковниги 1,5 кг. нашааны башка бирөөлөргө соодалап жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Задержан старший оперуполномоченный управления СБНОН МВД КР по Чуйской области полковник милиции Ж.А. при попытке сбыта наркотиков общим весом более 1,5 кг
    Бүгүн Бишкекте Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын полковниги 1,5 кг. нашааны башка бирөөлөргө соодалап жаткан жеринен кармалды
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • Задержан старший оперуполномоченный управления СБНОН МВД КР по Чуйской области полковник милиции Ж.А. при попытке сбыта наркотиков общим весом более 1,5 кг
    Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • Задержан старший оперуполномоченный управления СБНОН МВД КР по Чуйской области полковник милиции Ж.А. при попытке сбыта наркотиков общим весом более 1,5 кг
    Кармалган жаран Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн полковниги экени айтылды
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
1 / 3
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Бүгүн Бишкекте Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын полковниги 1,5 кг. нашааны башка бирөөлөргө соодалап жаткан жеринен кармалды
"Ж.А. башкалардан алынган 1,5 килограммдык  баңгизатты — нашааны брикет түрүндө (166 даана) сатканга аракет кылган. Анын жалпы суммасы 581 000 сомду түзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн полковниги экени айтылды.   

Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши Кылмыш кодексинин 267-беренесинин негизинде Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ж.А. УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

964
Белгилер:
кармоо, УКМК, полковник, баңги зат, Кыргызстан
Тема боюнча
Уурдалган 3 кг алтын. Бишкекте милициянын жетекчиси кармалды
Бир рубль монетасы жана долларлык монета жана купюрасы. Архив

Россияда доллардын баасы кескин кымбаттап кетти

0
(жаңыланган 00:14 24.09.2020)
Доллардын сомго карата баасы сезилерлик өзгөргөн жок. Анткен менен Россия акчасынын наркы түшүп кетиши, доллардын Кыргызстандагы баасына таасир этип койгон учурлар көп.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Россияда апрель айынан бери биринчи жолу доллар 77 рублге чыгып, кескин кымбаттады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Москва биржасынын маалыматына караганда, бир доллар Бишкек убактысы боюнча саат 20:24тө 77,07 рублди түздү (96 тыйынга кымбаттады). Ал эми евро 80 тыйынга кымбаттап, 89,93 рубль болду.

Белгилей кетсек, доллардын сомго карата баасы сезилерлик өзгөргөн жок. Анткен менен Россия акчасынын наркы түшүп кетиши, доллардын Кыргызстандагы баасына таасир этип койгон учурлар көп.

0
Белгилер:
баа, доллар, Россия
Тема боюнча
Россияда евронун баасы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Кыргызстанда абал кандай?