Акыркы суткада COVID-19 Бишкекте бир кишинин өмүрүн алды

© AFP / ALEX MCBRIDEСитуация в Южном Судане из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Южном Судане из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы жумаларда өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны кыскара баштады. Айрым күндөрү каза болгондор катталбаган учурлар да бар экендиги маалым.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Өлкөдө акыркы суткада коронавирус инфекциясынан бир киши көз жумганын Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка ылайык, каза болгон киши Бишкек шаарында дарыланып жаткан.

Кыргызстанда марттан бери коронавирустан каза тапкандардын саны 1 060ка жетти.

Август айынан тарта өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны кыскара баштады. Айрым күндөрү алар катталбаган учурлар да бар.

Жекшенкулов: Россияда коронавирустан 16 кыргызстандык көз жумду

18-август күнгө карата 1 498 адамдын каза болгону айтылган. Бирок кийин Саламаттык сактоо министрлиги өлүмдүн саны боюнча статистика кайра караларын билдирген. Жыйынтыгында сегиз адамдын кайталап катталганы маалым болгон. Министрлик статистиканы тактап, 437 адам коронавирустан эмес, башка оорудан каза болгону аныкталганын кабарлаган

Жаңылыктар түрмөгү
0