Ош — Бишкек жолундагы 3 адамдын өмүрүн алган кырсыктын чоо-жайы. Сүрөт

© Фото / Зульфия ТургуноваБишкек — Ош жолундагы жол кырсыгы
Бишкек — Ош жолундагы жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгында айдоочунун 25 жаштагы бир тууган карындашы, анын бир жаштагы кызы жана Адыр айылынын жашоочусу тогуз жаштагы бала окуя болгон жерден көз жумган.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда кырсыктап, үч киши каза болгон автоунаада бир туугандар бара жаткан. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Айбек Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

© Фото / Зульфия ТургуноваНа месте ДТП на 449-м километре дороги Бишкек — Ош
Бишкек — Ош жолунда кырсыктап, үч киши каза болгон автоунаада бир туугандар бара жаткан - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бишкек — Ош жолунда кырсыктап, үч киши каза болгон автоунаада бир туугандар бара жаткан
© Фото / Зульфия ТургуноваНа месте ДТП на 449-м километре дороги Бишкек — Ош
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынан Ошту көздөй жол тарткан Toyota Wish үлгүсүндөгү автоунааны Ош облусунун Өзгөн районунун Дүптүл айылынын 30 жаштагы жашоочусу айдап бара жаткан - Sputnik Кыргызстан
2/2
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынан Ошту көздөй жол тарткан Toyota Wish үлгүсүндөгү автоунааны Ош облусунун Өзгөн районунун Дүптүл айылынын 30 жаштагы жашоочусу айдап бара жаткан
1/2
Бишкек — Ош жолунда кырсыктап, үч киши каза болгон автоунаада бир туугандар бара жаткан
2/2
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынан Ошту көздөй жол тарткан Toyota Wish үлгүсүндөгү автоунааны Ош облусунун Өзгөн районунун Дүптүл айылынын 30 жаштагы жашоочусу айдап бара жаткан

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынан Ошту көздөй жол тарткан Toyota Wish үлгүсүндөгү автоунааны Ош облусунун Өзгөн районунун Дүптүл айылынын 30 жаштагы жашоочусу айдап бара жаткан.

Бишкек — Ош жолунун 450-чакырымына келгенде айдоочу рулду башкара албай жол четине чыгып, автоунаа ылдый көздөй кулап кеткен.

Борбордо "Бишкек суу каналынын" унаасы оодарылып калды. Кырсыктын видеосу

Такталган маалыматтарга караганда, машинада беш адам болгон.

© Фото / Зульфия ТургуноваБишкек — Ош жолунун 450-чакырымына келгенде айдоочу рулду башкара албай жол четине чыгып, автоунаа ылдый көздөй кулап кеткен
Ош — Бишкек жолундагы 3 адамдын өмүрүн алган кырсыктын чоо-жайы. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Ош жолунун 450-чакырымына келгенде айдоочу рулду башкара албай жол четине чыгып, автоунаа ылдый көздөй кулап кеткен

Кырсыктын кесепетинен автоунаада бара жаткан Өзгөн районунун Дүптүл айылынын тургуну, айдоочунун 25 жаштагы бир тууган карындашы, анын бир жаштагы кызы жана Адыр айылынын жашоочусу тогуз жаштагы бала окуя болгон жерден көз жумган.

Ал эми 30 жаштагы айдоочу менен анын төрт жаштагы уулу денесинен жаракат алып, Таш-Көмүр шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Буга чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында, тагыраагы, Бишкек — Ош жолунда жеңил автоунаанын кырсыктаганы айтылган. Автокөлүк трассадан чыгып кетип, болжол менен 50-60 метр бийиктиктен кулап кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0