Кыргызстандын өрт көп чыккан аймагы. 2020-жылга статистика

© Sputnik / Табылды КадырбековӨКМ кызматкерлери өрт өчүрүү учурунда. Архив
ӨКМ кызматкерлери өрт өчүрүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан бери эң көп өрт Чүй облусу менен Бишкек шаарында катталды. Кыргызстанда өрттүн көбү электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан улам келип чыгат.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Кыргызстанда сегиз ай ичинде өрттүн саны 46,2 пайызга азайып, тилсиз жоодон 24 адам куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

"Жыл башынан бери ушул убакка чейин республика боюнча 1 477 өрт кырсыгы катталып (2019-жылы 2 747 учур), өткөн жылга салыштырмалуу 46,2 пайызга азайган. Өрттүн кесепетинен 14 адам каза таап (2019-жылы 33 адам), 19 адам жабыркаган. Ошондой эле тилсиз жоодон 24 адам куткарылып, 2 миллиард  441 миллион 300 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган", — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек — Ош жолунда эки бензовоз өрттөнүп, бир киши каза болду. Видео

Өрттүн негизги себептери төмөнкүлөр:

  • электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык — 41,4 пайыз;
  • мештерди жана морлорду этиятсыз колдонуу — 9,5 пайыз;
  • отко этиятсыз менен мамиле кылууда — 20,4 пайыз;
  • балдардын от менен ойноосунан — 6,1 пайыз.
  • Кайсы аймакта канча өрт чыккан?
  • Облустар жана шаарлар боюнча өрттөрдүн саны төмөндөгүчө:
  • Бишкек шаарында — 244 өрт;
  • Чүй облусунда — 396;
  • Ош облусунда — 202;
  • Жалал-Абад облусунда — 202;
  • Ысык-Көл облусунда — 151;
  • Нарын облусунда — 55;
  • Талас облусунда — 73;
  • Ош шаарында — 50;
  • Баткен облусунда — 104.

Бишкектеги кызыл жалын. Имарат ээси өрт атайылап коюлганын айтып чыкты. Видео

Өрттү алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?

  • бузук электр буюмдарын (розеткаларды, вилкаларды, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
  • тез күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө сактабагыла;
  • балдарды кароосуз калтырбагыла;
  • күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телевизор, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
  • электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула;
  • тамекинин калдыктарын жана ширеңкелерди таштабагыла.

Ошондой эле Кыргызстанда жыл башынан берки бардык өрттөрдүн 61,8 пайызы турак жайда чыкканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0