Тралдагы унаалар. Архив

УКМК кызматкерлери Россиядан уурдалган унаалардын тралын коштогону айтылды

973
(жаңыланган 13:34 03.09.2020)
Аскер прокуратурасы коррупция фактысы боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. Азырынча кылмышка шектелген УКМК кызматкерлери кармалганы же кармалбаганы белгисиз.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) Ош облусунун Кара-Суу району боюнча бөлүмүнүн эки кызматкери Россияда уурдалган унаалардын тралын коштоп жүргөн. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күч түзүмдөрүндөгү ишенимдүү адам билдирди.

27-августта болжол менен саат 10:00дө Баткен облусунун Кадамжай районунда Тажикстанга Россиядан уурдалган 15 унааны алып бараткан адамдар кармалган. Ишенимдүү адамдын айтымында, эки тралды УКМКнын кызматкерлери коштоп барган.

Ысык-Көлдө прокурордун жардамчысы 150 миң сом пара алып жатып кармалды

Кармоо ишин Кадамжай РИИБдин криминалдык милиция кызматы жүргүзгөн. Агенттикке маалымат берген адамдын айтымында, тралда 2019-2020-жылдары чыгарылган унаалар болгон. Алар Казакстан аркылуу Бишкекке алып келинген.

"Тралдарды төрт күн "Сосновка" өткөрүү пунктунда, андан кийин Жалал-Абаддын Сузак районунда кармап турушкан деген маалымат бар. Бирок экөөнү тең коё берип салышкан. Көпчүлүк унаалардын кыймылдаткычтарында номерлери алмаштырылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, үч автоунаа уурдалган, калгандары күрөөканаларда күрөөгө коюлган", — деп айтып берди редакция менен маектешкен адам.

Азырынча кылмышка шектелген УКМК кызматкерлери кармалганы же кармалбаганы белгисиз. Милиция 27-августта сотко чейинки өндүрүштү баштап, ишти Аскер прокуратурасына өткөрүп берген. Башкы прокуратура КРдин Кылмыш кодексинин 319-беренеси менен ("Коррупция") иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

973
Белгилер:
унаа, кылмыш, кызматкер, УКМК
Тема боюнча
50 миң сом пара алып жаткан Бишкек мэриясынын кызматкерин УКМК колго түшүрдү
Кишен.Архивдик сүрөт

Тендердин ишин өздөрү жасаган. Жалал-Абадда токой чарба башчысы кармалды

75
(жаңыланган 13:54 22.09.2020)
Финполдун билдиришинче, токой чарбасынын кызматкерлери тендерде көрсөтүлгөн иштерди өздөрү жасашкан. Жетекчи кызмат көрсөтө турчу ишканага берилген каражатты кайра которуп алган.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. 15-сентябрь күнү сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Жалал-Абад облусундагы токой чарбасын жетектеген адамдардын бири кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) кабарлады.

"Токой чарбасына жооптуу адамдар өрттү алдын алуу жана токойчулук иштерин жүргүзүү үчүн эки миллион сомго бааланган тендерлерди өткөргөндүгү аныкталды. Алардын жыйынтыгы менен "А" жана "А.А" ЖЧКлары жеңүүчү деп табылган", — деп айтылат маалыматта.

Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара алып жатып кармалды. Сүрөт

Бирок Финполдун билдирүүсү боюнча, иш жүзүндө тендерде көрсөтүлгөн жумуштарды токой чарбасынын кызматкерлери өздөрү жүргүзүшкөн.

"Акча ЖЧКлардын эсептерине которулгандан кийин токой чарбасынын директорунун көрсөтмөсү боюнча каражат кайра башкы бухгалтерге берилген", — деп айтылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Иштин бардык жагдайлары изилденгенден кийин токой чарба директорунун, башкы бухгалтердин, ошондой эле ЖЧКнын жетекчилеринин аракеттерине юридикалык баа берилери айтылды.

75
Белгилер:
жетекчи, кармоо, каражат, тендер, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, финансы полициясы, Жалал-Абад
Тема боюнча
Финпол пандемия учурундагы шалаакылык боюнча беш кылмыш ишин иликтеп жатат
Колуна кишен тагылган киши. Иллюстративдик сүрөт

Пара алды деп кармалган УКМКнын экс-кызматкери №1 тергөө абагына киргизилди

59
(жаңыланган 13:40 22.09.2020)
Шектүү буга чейин үй камагында болчу. Мындай чечимге прокуратура каршы чыгып, аппеляциялык арыз берген.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Пара алууга шектелген УКМКнын мурдагы кызматкери №1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Бишкектин шаардык соту кабарлады.

Атайын кызматтын өкүлү пара талап кылууга шектелип, 4-сентябрда Финансы полициясы жана УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы тарабынан кармалган. Даттануучунун айтымында, УКМКнын мурдагы кызматкери анын уулу үчүн ЗАГСта аталыкты аныктоо маселесин оң жагына чечкендиги үчүн арыздануучудан 3000 доллар пара талап кылган. Кийинчерээк УКМК кызматтык иликтөөдөн соң шектүү кызматтан бошотулганын билдирген.

Жумушунан четтетилген кызматкер, мындан сырткары, алдамчылыкка шектелип жатканы айталат. Ал Финансы полициясынын кызматкери деп өзүн тааныштырып келген. Бул иш боюнча Коопсуздук кеңеши бардык маалыматтарды ачыктаган.

УКМК кызматкерлери Россиядан уурдалган унаалардын тралын коштогону айтылды

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын прокуратурасы 6-сентябрда Биринчи май райондук сотуна кайрылып, шектүүнү эки айга камакка алууну өтүнгөн. Ага карабастан тергөө судьясы прокуратуранын өтүнүчүн четке кагып, кармалган УКМК кызматкерин үй камагына чыгарган.

Соттук коллегиянын 22-сентябрда чыгарган аныктамасына ылайык, соттун буга чейинки токтому жокко чыгарылып, прокуратуранын камакка алуу өтүнүчүнүн негизинде шектүү эки айга камакка алынды.

Чечим арызданууга жатпайт.

59
Белгилер:
арыз, прокуратура, сот, пара, УКМК
Тема боюнча
Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара алып жатып кармалды. Сүрөт
50 миң сом пара алып жаткан Бишкек мэриясынын кызматкерин УКМК колго түшүрдү
Спорт комитетинин аткаминерлери пара сураса кайда кайрылуу керек? Телефондор
Домодедово аэропортундагы жүргүнчү. Архивдик сүрөт

22 миң рубль. Москва Бишкек каттамына авиабилеттердин октябрдагы баасы айтылды

0
(жаңыланган 16:54 22.09.2020)
Туруктуу авиакаттамдар жанданары менен былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу Россиядан Беларуска билет алгандар төрт эсеге, Казакстанга үч эсеге, Кыргызстанга 1,5 эсеге көп болууда.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бишкек Россиядан аба каттамдарына билет эң көп сатылган 10 шаардын катарына кирди. Бул тууралуу саякат боюнча жазган Туту.ру сайты кабарлап, октябрь айындагы билет баалары жөнүндө маалымат берди.

"Туруктуу авиакаттамдар жанданары менен Беларусь, Казакстан жана Кыргызстанга билет алгандардын саны кескин өстү. Тагыраагы, былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу Беларуска билет алгандар төрт эсеге, Казакстанга үч эсеге, Кыргызстанга 1,5 эсеге көп болууда", — деп айтылат кабарда.

Октябрь айына Москвадан Бишкекке бир билеттин баасы орто эсеп менен 22 миң рублга сатылууда. Октябрь аяктап калганда гана бир аз арзаныраак билет табууга болот. Мисалы, россиялык авиакомпаниялардын бири бир тарапка 13 миң рублга жетип алууну сунуштайт. Бирок Ростов-на-Дону шаары аркылуу келип, ал жерден башка учакка отурууга туура келет.

Өзбекстан 1-октябрдан тарта чек арасын толук ачат

Белгилей кетсек, бул баалар былтыркы жылга салыштырмалуу кымбат. Тагыраагы, пандемияга чейин Москва — Бишкек багыты боюнча бир билет орто эсеп менен 10 миң сомдун тегерегинде сатылчу.

Эске салсак, россиялык "Аэрофлот" компаниясы Москва — Бишкек туруктуу каттамы үчүн билет сата баштаганын билдирген.

0
Белгилер:
баа, авиакаттам, Бишкек, Кыргызстан, Россия, билет, аба каттамы, Москва
Тема боюнча
Бишкек — Москва каттамы жуманын кайсы күнү аткарылары маалымдалды
Ошко Москва шаарынан 148 кыргызстандык учуп келди