Алай районунун айылдарында жер титиреди

© AFP / CHRISTIAN MIRANDAАдис сейсмограф менен иштеп отурат. Архив
Адис сейсмограф менен иштеп отурат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбагандыгын билдирди.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Бүгүн саат 09:46да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы Сейсмология институтуна таянуу менен кабарлады.

Жер титирөө Алай районунун Ак-Босого айылында 3 балл, Сары-Таш, Арча-Булак, Кызыл-Алай айылдарында 2,5 балл сезилген.

Жаан карга айланат. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок деп билдирди ӨКМ.

Жаңылыктар түрмөгү
0