Жол кырсыктан кийин коопсуздук жаздыгы рулда илинип турат. Архив

Бишкекте кырсыктаган Mercedes ИИМ имаратынын тосмосун сүзүп алды. Видео

298
(жаңыланган 12:03 06.09.2020)
Эки автокөлүктү тең айып короого алып кетишкен. Авариянын келип чыгуу себептери такталууда.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Бишкекте жеңил автоунаа Ички иштер министрлигин борбордук аппаратынын ирматынын сыртындагы тосмону сүзүп алды. Маалыматты Кайгуул милициянын маалымат кызматы билдирди.

Жол кырсык 6-сентябрга караган түнү болжол менен саат 00.30да Тыныстанов жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Mercedes үлгүсүндөгү автоунаа Тыныстанов көчөсү менен түштүк тарапты көздөй бара жатып Honda Fit менен кагышкан. Андан соң тосмону сүзүп токтогон. Mercedes ичиндеги эки жүргүнчү жаракат алды", — деп билдиришти Кайгуул милициядан.

Асел Кадырбекованы сүзүп кеткен айдоочуну ырчынын үй-бүлөсү кечирди

Эки автокөлүктү тең айып короого алып кетишкен. Авариянын келип чыгуу себептери такталууда.

298
Белгилер:
тосмо, автоунаа, жол кырсык, ИИМ
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (241)
Тема боюнча
Бишкекте Honda Fit даракты сүзүп, бир жүргүнчү мерт болду. Видео
Бишкекте үрөй учурган жол кырсыгы 7 жаштагы кыздын өмүрүн алды. Видео
Алайдын тоолору. Архивдик сүрөт

Түндө Алайда жер титиреди

41
(жаңыланган 10:45 28.09.2020)
Жердин титирегени Алай районунун Ачык-Суу, Жайылма жана Кашка-Суу айылдарында сезилген. Андан жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Түндө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ кабарлады.

Түндө Таласта кар жаады. Видео

Жер бүгүн, 28-сентябрь күнү, саат 02:32де титиреген. Ал Алай районунун Ачык-Суу, Жайылма, Кашка-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

41
Белгилер:
жер титирөө, ӨКМ, Алай району, Ош
Тема боюнча
Табият албууттанганда. Кыргызстандагы жүрөк үшүн алган жаратылыш кырсыктары
Россиянын Тергөө комитети. Архивдик сүрөт

51 кыргызстандык жабыркаган Москвадагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду

62
(жаңыланган 10:38 28.09.2020)
Тергөө комитетинин алдын ала текшерүү иш-чараларынын натыйжасында кылмыш ишин козгоо чечими кабыл алынган.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Москва облусунда көпүрө урап, 51 кыргызстандык жабыркаган кырсык боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурасында Россиянын Тергөө комитети билдирди.

Алдын ала текшерүү иш-чараларынын натыйжасында РФтин Кылмыш-жаза кодексинин 143-беренесинин 1-бөлүгү ("Эмгекти коргоо талаптарын бузуу, этиятсыздыктын кесепетинен адамдардын ден соолугуна оор зыян келтирүү") менен кылмыш ишин козгоо чечими кабыл алынган.

"Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин Ступиного борбордук аппараттын криминалисттерин жиберди. Жакынкы аралыкта окуя болгон жерди текшерип башташат. Тергөө бардык жагдайды жана жумушчулардын массалык түрдө жаракат алган себебин аныктап чыкмакчы", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 27-сентябрь күнү Москва облусунун Ступино шаарындагы FM LOGISTIC логистикалык ишканасында (кампа комплекси) жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, 51 кыргыз жараны жабыркаган. Анын ичинен төрт мекендештин абалы оор. Каза болгондор катталган эмес.

Россияда кыргызстандыктар жабыркаган кырсыктын болжолдуу себеби айтылды

Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери бейтаптардан кабар алып, тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Маселени КРдин Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов жеке көзөмөлүнө алган.

62
Белгилер:
тергөө, кылмыш иши, кырсык, көпүрө, Москва
Тема боюнча
Боронов РФте көпүрө урап жабыркаган мекендештерге жардам берүүнү тапшырды
Россияда көпүрө кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 51ге жетти
Медициналык кызматкер иш учурунда

КРде бир нече аптадан бери алгачкы өлүм катталды. COVID боюнча статистика

0
(жаңыланган 11:41 28.09.2020)
Тилекке каршы, бүгүн Кыргызстанда коронавирустан бир өлүм катталды. Ал эми жуктуруп алгандардын көбү мурдагыдай эле Ош жана Баткен олбустарынан болууда.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 166 бейтап айыкса, 104 кишиден вирус табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 38;
  • Ош шаары– 24;
  • Чүй облусу – 21;
  • Ош облусу – 43;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 5;
  • Баткен облусу – 31.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 19;
  • Ош шаары – 8;
  • Чүй облусу – 6;
  • Ош облусу – 18;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 3;
  • Жалал-Абад облусу – 10;
  • Баткен облусу – 37.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 46 355ке жетти. Анын ичинен 42 919у ооруну жеңди. Тилекке каршы, өткөн суткада бир адам каза таап, илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 1 064тү түздү.

Соңку суткада коронавирустан Ош облусунда бир адам көз жумду

Азыркы учурда стационарда 700 бейтап коронавирустан дарыланып жатса, 1 520 киши медициналык жардамды үйлөрүнөн алууда.

Бир сутка ичинде эки медик коронавирус жуктуруп алган. Ошол эле учурда үч медик ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылган.

0
Белгилер:
статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
ДССУ: бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрү катаал карантин киргизүүгө даяр турушу керек