КМШда террордук кылмыштарга шектелип изделген киши Бишкектен кармалды

© AP Photo / Moises CastilloКишенделген адам. Архив
Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган жаран Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Бишкек шаарында жашырынып жүргөнү айтылат.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Террордук багыттагы өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн КМШ өлкөлөрүнүн биринде издөөдө жүргөн жаран Бишкек шаарынан кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы (УКМК) билдирди.

© Фото / пресс-служба ГКНБКармалган шектүү
КМШда террордук кылмыштарга шектелип изделген киши Бишкектен кармалды - Sputnik Кыргызстан
Кармалган шектүү

Маалыматка ылайык, УКМК 3-сентябрда ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында издөөдө жүргөн чет элдик Н.А.А. атту жаранды колго түшүргөн. Ал Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Бишкек шаарында жашырынып жүргөнү айтылат.

УКМК бир катар кылмыштарга шектелген өзбекстандык жаранды кармады

Соттун чечими менен кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0