Жал кичи районунда көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүПожар на Пятницкой улице в Москве
Пожар на Пятницкой улице в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн кечки саат 19.40тар чамасында калаанын түштүк-чыгыш тарабында көп кабаттуу үйдөгү бир батирде өрт чыккан.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкектин Төмөнкү Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйдөгү батирден чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Тыналиев көчөсүндө жайгашкан №92 көп кабаттуу турак үйүнүн 6-кабатында батир күйгөн. Өрттү өчүрүүгө саат 19:46да бир бригада, саат 19:50дө кошумча автошаты тартылган.

Ал эми саат 20:47де өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыр тарткандар жок, өрттүн себеби такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0