Ысык-Көл облусунун аймагындагы Каракол — Эңилчек трассанын бир бөлүгүн суу жырып, жууп кетти.

Ысык-Көлдө трассаны суу жырып, жарактан чыгарды. Сүрөт

102
(жаңыланган 16:42 09.09.2020)
Бузулган жолду калыбына келтирүү үчүн атайын техникалар жеткирилген. Автоунаалардын ары-бери катташына убактылуу чектөө коюлган.

Бишкек, 9-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун аймагындагы Каракол — Эңилчек трассанын бир бөлүгүн суу жырып, жууп кетти. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

  • Водный грязевой поток размыл часть трассы Каракол — Энильчек в Иссык-кульской области
    Ысык-Көл облусунун аймагындагы Каракол — Эңилчек трассанын бир бөлүгүн суу жырып, жууп кетти.
    © Фото / пресс-служба Министерства транспорта и дорог
  • Водный грязевой поток размыл часть трассы Каракол — Энильчек в Иссык-кульской области
    Мындан улам жолдун 95-100-чакырымдарындагы бөлүгү жарактан чыккан.
    © Фото / пресс-служба Министерства транспорта и дорог
  • Водный грязевой поток размыл часть трассы Каракол — Энильчек в Иссык-кульской области
    Министрлик тарабынан берилген сүрөттө асфальт жолдун бир жак бөлүгүн суу агызып кетип, жарактан чыкканын көрүүгө болот.
    © Фото / пресс-служба Министерства транспорта и дорог
1 / 3
© Фото / пресс-служба Министерства транспорта и дорог
Ысык-Көл облусунун аймагындагы Каракол — Эңилчек трассанын бир бөлүгүн суу жырып, жууп кетти.

Мындан улам жолдун 95-100-чакырымдарындагы бөлүгү жарактан чыккан. Министрлик тарабынан берилген сүрөттө асфальт жолдун бир жак бөлүгүн суу агызып кетип, жарактан чыкканын көрүүгө болот.

Жал кичи районунда көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

Жерине экскаватор, эки бульдозер, жүктөгүч жана оор жүк ташуучу техника тартылып, калыбына келтирүү аракеттерин көрөт.

Трассада жол каттамы токтотулган.

102
Белгилер:
чектөө, каттам, жол, Суу, трасса, Ысык-Көл
Тема боюнча
Түндүк — Түштүк трассасынын бир бөлүгүндө акы алынмай болду
Бишкекте унаа трассадан чыгып кетип, капталынан кулап калды. Видео
Алайдын тоолору. Архивдик сүрөт

Түндө Алайда жер титиреди

31
(жаңыланган 10:45 28.09.2020)
Жердин титирегени Алай районунун Ачык-Суу, Жайылма жана Кашка-Суу айылдарында сезилген. Андан жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Түндө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ кабарлады.

Түндө Таласта кар жаады. Видео

Жер бүгүн, 28-сентябрь күнү, саат 02:32де титиреген. Ал Алай районунун Ачык-Суу, Жайылма, Кашка-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

31
Белгилер:
жер титирөө, ӨКМ, Алай району, Ош
Тема боюнча
Табият албууттанганда. Кыргызстандагы жүрөк үшүн алган жаратылыш кырсыктары
Россиянын Тергөө комитети. Архивдик сүрөт

51 кыргызстандык жабыркаган Москвадагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду

40
(жаңыланган 10:38 28.09.2020)
Тергөө комитетинин алдын ала текшерүү иш-чараларынын натыйжасында кылмыш ишин козгоо чечими кабыл алынган.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Москва облусунда көпүрө урап, 51 кыргызстандык жабыркаган кырсык боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурасында Россиянын Тергөө комитети билдирди.

Алдын ала текшерүү иш-чараларынын натыйжасында РФтин Кылмыш-жаза кодексинин 143-беренесинин 1-бөлүгү ("Эмгекти коргоо талаптарын бузуу, этиятсыздыктын кесепетинен адамдардын ден соолугуна оор зыян келтирүү") менен кылмыш ишин козгоо чечими кабыл алынган.

"Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин Ступиного борбордук аппараттын криминалисттерин жиберди. Жакынкы аралыкта окуя болгон жерди текшерип башташат. Тергөө бардык жагдайды жана жумушчулардын массалык түрдө жаракат алган себебин аныктап чыкмакчы", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 27-сентябрь күнү Москва облусунун Ступино шаарындагы FM LOGISTIC логистикалык ишканасында (кампа комплекси) жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, 51 кыргыз жараны жабыркаган. Анын ичинен төрт мекендештин абалы оор. Каза болгондор катталган эмес.

Россияда кыргызстандыктар жабыркаган кырсыктын болжолдуу себеби айтылды

Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери бейтаптардан кабар алып, тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Маселени КРдин Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов жеке көзөмөлүнө алган.

40
Белгилер:
тергөө, кылмыш иши, кырсык, көпүрө, Москва
Тема боюнча
Боронов РФте көпүрө урап жабыркаган мекендештерге жардам берүүнү тапшырды
Россияда көпүрө кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 51ге жетти
Медицинский персонал держит за руку пациента, страдающего коронавирусной болезнью (COVID-19), в отделении интенсивной терапии (ICU) Университетской больницы общего профиля в Праге. Чешская Республика, 22 сентября 2020 года

Соңку суткада коронавирустан Ош облусунда бир адам көз жумду

0
Кыргызстанда жайылгандан бери коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 46 355 кишиге жетти. Өлкөдө аталган вирус кайрадан баш көтөрүүдө.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Акыркы суткада Кыргызстанда COVID-19дан бир адам көз жумгандыгын Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

“Соңку суткада коронавирустан Ош облустар аралыгында дарыланып жаткан адам каза тапты”, -деп айтылган билдирүүдө.

Муну менен коронавирустан көз жумгандардын саны 1064 адамга жетти. Ал эми ооруну жуктуруп алгандардын саны 46 355 киши болду.

Теги: Кыргызстан Ош облусу корнавирус каза болуу

Инжект: https://sputnik.kg/society/20200927/1049747732/manas-aehroportu-kezek-kutkondor-video.html

0