Бишкек: 20 мүнөттө эки ирет автокырсыкка кабылган аял комага түштү. Окуянын видеосу

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматы. Архив
Тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир эмес эки ирет автокырсыкка кабылган аялдын жолдошу 8-сентябрга караган түнү бакты сүзгөндөн кийин көз жумган. Ал эми келинчегинин абалы учурда оор экени айтылды.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Борбор калаада аял бир түндө эки ирет жол кырсыгына кабылып, учурда комада экени маалым болду.

9-сентябрга караган түнү болжол менен 00:15тер чамасында Юнусалиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде ГАЗ 2250 үлгүсүндөгү Тез жардам кызматынын автоунаасы менен Nissan Primera үлгүсүндөгү автокөлүк кагышкан. Анын кесепетинен Тез жардам кызматынын машинасы капталы менен жыгылган. Кырсыктын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Анда Тез жардам кызматы бир нече мүнөт мурда болгон (7-апрель көчөсүндө катталган) жол кырсыктан  жабыркаган аялды алып бара жатканы айтылат. Кайгуул кызматы кабарлагандай, биринчи кырсык 8-сентябрь түнү болжол менен 23:58 чамасында болгон. BMW автокөлүгү бакты сүзүп, айдоочу ошол жерден каза тапкан. Ал айдоочу эки ирет жабыркаган аялдын күйөөсү экени маалым болду.

Кайгуул милициясы Тез жардам  автоунаасы менен жеңил машина кагышкан жол кырсыктан үч адам жапа чеккенин, алар Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилгенин кабарлашты.

Оорукана жетекчиси Сабырбек Жумабеков саат 00:55тер чамасында медициналык борборго эки ирет жол кырсыгына кабылган 35 жаштагы аял түшкөнүн тастыктады, бирок кененирээк маалымат бере алган жок.

Дарыгер белгилегендей, келиндин абалы оор. Бир топ жери сынган, учурда ал комада.

Жаңылыктар түрмөгү
0