Опузалап акча талап кылды деген УКМК кызматкери иштен бошотулду

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКонверт и долларовые купюры.
Конверт и долларовые купюры. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
4-сентябрда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат менен УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы шектүүнү колго түшүргөн.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Пара талап кылды делген УКМК кызматкери ээлеген ордунан бошотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Ага ылайык, аталган кызматкерге Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча иш козголуп, ал Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ушул жылдын 4-сентябрында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат менен УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы шектүүнү колго түшүргөн.

"Иликтөөнүн жыйынтыгында УКМКнын Н.у.С. аттуу кызматкери атайын органдын беделин түшүргөндүгү үчүн улуттук коопсуздук органдарынан бошотулган. Учурда аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүштү Финполдун тергөө органдары жүргүзүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Аталган кылмыш иши Башкы прокуратура, УКМК жана Финпол жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0