Колуна кишен тагылган киши. Архивдик сүрөт

Акча алдап из жашырган кыргызстандыктар 7 жылдан кийин Москвадан кармалды

291
Учурда кармалган жарандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргызстанга экстрадициялоо меселеси чечилүүдө.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Москвада ИИМдин РФтеги өкүлчүлүгүнүн жардамы менен өз мекенинде башкалардын ири суммадагы акчасын алдап кеткендиги жана жалган ишкерлиги үчүн издөөдө жүргөн үч кыргызстандык кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Жалал-Абад облусунун 41 жаштагы Б.А. аттуу тургунуна Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы тарабынан жалган ишкерлик беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 2018-жылдын аягында издөөгө алынган.

Экинчиси — Чүй облусунда туулган 60 жаштагы А.Г. аттуу аял. Аны Москва райондук милициясы ири өчөмдө жасалган алдамчылык беренеси менен айыптап, 2013-жылы издөө жарыялаган.

Кармалган үчүнчү жаран Чүй облусунун 29 жаштагы И.И. аттуу тургуну болгон. Ал да ири өлчөмдө жасалган кылыгы үчүн алдамчылык беренеси менен 2013-жылдан бери издөөдө жүргөн.

507 млн. сом менен из жашырып кеткен. ЖК депутатынын уулу Болгарияда кармалды

"Кылмышкерге жоопкерчиликтен кутулуунун оңой жолу башка мамлекетке качып кетүүсү болууда. Бирок ар кайсы укук коргоо органдарынын ортосундагы мамилелер, КМШ өлкөлөрү менен кызматташуулар чечүүчү фактор катары эсептелет. Издөөдө жүргөн адамдарды табуу жана кармоо үчүн ар кандай багытта издөө иштери жүргүзүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган жарандар боюнча жабырлануучуларга кабарланды. Минск конвенциясына ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн аларды Кыргызстанга экстрадициялоо меселеси чечилүүдө.

291
Белгилер:
кылмыш, кармоо, алдамчылык, Москва, ИИМ
Тема боюнча
Кыргызстанда эл аралык издөөгө алынган адам Москванын метросунан кармалды
Москвада мекендештерин алдады деп эки кыргызстандык шектелүүдө. Бири кармалды
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив

Бишкекте төрт машина кагышты. Видео

91
(жаңыланган 19:39 29.09.2020)
Төрт машина кагышкан жол кырсыктан жабыркагандар жок. Окуя шаардын түндүк тарабында, Элебесов көчөсүндө болгон.

БИШКЕК, 29-сен. – Sputnik. Бишкекте бүгүн төрт жеңил унаа кагышканын Кайгуул милициясынан билдиришти.

Жол кырсыгынын видеосу Telegram-каналынын “Короче” тайпасына жарыяланды.

Окуя Фере жана Элебесов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Күбөлөрдүн айтымында, кырсыктын айынан Баялинов көчөсүнө чейин тыгын жаралган.

Милициядан билдиришкендей, жабыркагандар жок.

91
Белгилер:
жол кырсык, Бишкек
Тема боюнча
Анжиянда кыргызстандык айдоочу эки кызды коюп, өзү кошо көз жумду
Анжиянда болгон жол кырсыгы

Анжиянда кыргызстандык айдоочу эки кызды коюп, өзү кошо көз жумду

173
(жаңыланган 12:32 29.09.2020)
Факты боюнча "Жол эрежесин бузуу" беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдарын улантуу үчүн иш Анжиян облустук ИИБине өткөрүлдү.

БИШКЕК, 29-сен. – Sputnik. Булакбашы — Анжиян трассасында Volvo жүк ташуучу унаасынын кыргызстандык айдоочусу жолдо бараткан эки кызды коюп кеткен. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин сайтына жарыяланды.

  • Последствия ДТП грузовым транспортным средством марки Volvo который несправившись с управлением, выехал на встречную полосу движения и совершил наезд на пешеходов на автодороге Булакбаши-Андижан в Андижанской области
    Булакбашы — Анжиян трассасында Volvo жүк ташуучу унаасынын кыргызстандык айдоочусу жолдо бараткан эки кызды коюп кеткен
    © Фото / пресс-служба МВД Узбекистана
  • Последствия ДТП грузовым транспортным средством марки Volvo который несправившись с управлением, выехал на встречную полосу движения и совершил наезд на пешеходов на автодороге Булакбаши-Андижан в Андижанской области
    Маалыматка караганда, окуя 28-сентябрь күнү саат 17:20да болгон
    © Фото / пресс-служба МВД Узбекистана
  • Последствия ДТП грузовым транспортным средством марки Volvo который несправившись с управлением, выехал на встречную полосу движения и совершил наезд на пешеходов на автодороге Булакбаши-Андижан в Андижанской области
    Аталган факты боюнча Булакбашы районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан "Жол эрежесин бузуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду
    © Фото / пресс-служба МВД Узбекистана
  • Последствия ДТП грузовым транспортным средством марки Volvo который несправившись с управлением, выехал на встречную полосу движения и совершил наезд на пешеходов на автодороге Булакбаши-Андижан в Андижанской области
    Учурда тергөө амалдарын улантуу үчүн иш Анжиян облустук ИИБине өткөрүлдү
    © Фото / пресс-служба МВД Узбекистана
1 / 4
© Фото / пресс-служба МВД Узбекистана
Булакбашы — Анжиян трассасында Volvo жүк ташуучу унаасынын кыргызстандык айдоочусу жолдо бараткан эки кызды коюп кеткен

Маалыматка караганда, окуя 28-сентябрь күнү саат 17:20да болгон.

"28 жаштагы Ш.Л. Саноат айылынын аймагында жүк ташуучу унаасын айдап баратып кырсыктаган. Кыргызстандык айдоочу рулду башкара албай калып, жолдун каршы тилкесине чыгып кеткен. Натыйжада жолдун четинде бараткан 10 жана 3 жаштагы кыздарды коюп, андан ары турак үйдү сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен эки кыз менен айдоочу жеринде көз жумган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Булакбашы районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан "Жол эрежесин бузуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдарын улантуу үчүн иш Анжиян облустук ИИБине өткөрүлдү.

173
Белгилер:
жол кырсык, Өзбекстан, Анжиян
Тема боюнча
Кырсыктарды алдын алуу үчүн Алматыда өзгөчө жол белгисин чийүү пландалууда
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев. Архив

Армения менен Азербайжандын башчылары телеэфирде катуу билдирүү жасашты

0
(жаңыланган 01:15 30.09.2020)
Пашинян жаңжалга Түркиянын аралашканын сындап чыкса, Алиев аталган өлкө Азербайжанга моралдык гана колдоо көрсөтүп жатканын билдирди.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев "Россия 1" телеканалынын "60 минут" программасынын эфиринде Тоолуу Карабахтагы жаңжал тууралуу бири-бирине комментарий беришти.

Маанилүү билдирүүлөрү:

  • Илхам Алиев Азербайжан тараптан 11 жай тургун, анын ичинде эки жаш бала каза таап, аскерлер дагы набыт болгонун билдирди. Мындан улам Баку тийиштүү жооп кайтарганын айтты;
  • Никол Пашинян Түркия Карабахтагы жаңжалга кадимкидей аралашып, жадагалса Түркиянын жогорку даражалуу адамдары аскердик аракеттерди жетектеп турганын билдирди;
  • Алиев Түркия Ереван менен болгон жаңжалга катышып жатканы туурасында маалыматты четке кагып, "фейк" деп атады;
  • Пашинян армян элине коркунуч жаралып жатканын айтып, дүйнөлүк коомчулукту Баку менен Анкаранын аракеттерин талкуулоого жана Түркияны "Түштүк Кавказдан кетүүгө" аргасыз кылууга чакырды.
  • Алиев Армениянын талаптары Карабах боюнча сүйлөшүүгө ылайыксыз деп атады. Ал "Армениянын премьер-министри "Карабах — бул Армения, ошону менен чекит коюлушу керек" деп ачык эле айтууда. Мындай учурда кандай сүйлөшүү процесси тууралуу кеп кыла алабыз?" — деди;
  • Пашинян Карабахтагы жаңжалга түркиялык учактын катышканы көрүнүп турган факт экенин айтты;
  • Алиев Түркия Азербайжанга моралдык гана колдоо көрсөтүп жатканын билдирди.

Кыргызстан Азербайжан менен Армениянын жаңжалы боюнча позициясын билдирди

Карабахтагы жаңжал

27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында аскердик кагылышуулар башталган. Мунун келип чыгышына тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат. 28-сентябрь күнү эртең менен эки тараптан тең жүздөгөн аскерлер жарадар жана каза болгону айтылды. Армения өз аймагында аскердик абал жарыялады.

Белгилей кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүүлүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах Республикасынын кызыкчылыгын коргойт.

0
Белгилер:
Жаңжал, Тоолуу Карабах, Армения, Азербайжан
Тема боюнча
ЖККУ Карабахтагы абал боюнча тынчсыздануусун айтты. Башкы катчынын билдирүүсү
Карабахтагы абалдын курчушу Кавказдагы чырга Россияны аралаштыруу аракетиндей...