Муштум. Архив

Аксы: үгүтчүнү коркутуп башка партияга иштөөгө мажбурлагандар камалды

173
(жаңыланган 13:41 11.09.2020)
Шектүүлөр жабырлануучуну 7-сентябрда түнкү саат 01:00дөр чамасында телефон аркылуу маданият үйүнүн жанына чакырган.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Аксы районунда шайлоодо бир партияга үгүттөгөнү үчүн коркутуп, башка партияга иштөөгө мажбурлагандар кармалды. Бул туурасында Жалал-Абад облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Аксы РИИБге Үч-Коргон айылынын 30 жаштагы тургуну Б.Ш. арыз менен кайрылган. Анда 7-сентябрда түнкү саат 01:00дөр чамасында Т.Э. аттуу айылдашы телефон аркылуу маданият үйүнүн жанына чакырганын айткан.

"Ал жолукканы келгенде Т.Э. өзүнүн шериктери менен "сен эмне үчүн ал саясий партиясынын үгүт иштерин жүргүзөсүң. Тез арада бул партияга өтүп иште!" деп сөгүп, коркутуп, зомбулук жасоого аракет кылышкан", — деп айтылат маалыматта.

Бул факты Аксы РИИБ тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлү астында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Аксы районунун тургундары 35 жаштагы Э.У. жана 33 жаштагы Т.Э кармалган.

Алар Аксы райондук сотунун тергөө судьясынын чечими менен бир айга камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

173
Белгилер:
кармоо, милиция, коркутуу, үгүт, Аксы
Тема боюнча
Финпол: опузалап акча талап кылды делген УКМК кызматкери кармалды
"Унаа" директорунун жардамчысы паракорлукка шектелип кармалды
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив

Бишкекте төрт машина кагышты. Видео

53
(жаңыланган 19:39 29.09.2020)
Төрт машина кагышкан жол кырсыктан жабыркагандар жок. Окуя шаардын түндүк тарабында, Элебесов көчөсүндө болгон.

БИШКЕК, 29-сен. – Sputnik. Бишкекте бүгүн төрт жеңил унаа кагышканын Кайгуул милициясынан билдиришти.

Жол кырсыгынын видеосу Telegram-каналынын “Короче” тайпасына жарыяланды.

Окуя Фере жана Элебесов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Күбөлөрдүн айтымында, кырсыктын айынан Баялинов көчөсүнө чейин тыгын жаралган.

Милициядан билдиришкендей, жабыркагандар жок.

53
Белгилер:
жол кырсык, Бишкек
Тема боюнча
Анжиянда кыргызстандык айдоочу эки кызды коюп, өзү кошо көз жумду
Анжиянда болгон жол кырсыгы

Анжиянда кыргызстандык айдоочу эки кызды коюп, өзү кошо көз жумду

166
(жаңыланган 12:32 29.09.2020)
Факты боюнча "Жол эрежесин бузуу" беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдарын улантуу үчүн иш Анжиян облустук ИИБине өткөрүлдү.

БИШКЕК, 29-сен. – Sputnik. Булакбашы — Анжиян трассасында Volvo жүк ташуучу унаасынын кыргызстандык айдоочусу жолдо бараткан эки кызды коюп кеткен. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин сайтына жарыяланды.

  • Последствия ДТП грузовым транспортным средством марки Volvo который несправившись с управлением, выехал на встречную полосу движения и совершил наезд на пешеходов на автодороге Булакбаши-Андижан в Андижанской области
    Булакбашы — Анжиян трассасында Volvo жүк ташуучу унаасынын кыргызстандык айдоочусу жолдо бараткан эки кызды коюп кеткен
    © Фото / пресс-служба МВД Узбекистана
  • Последствия ДТП грузовым транспортным средством марки Volvo который несправившись с управлением, выехал на встречную полосу движения и совершил наезд на пешеходов на автодороге Булакбаши-Андижан в Андижанской области
    Маалыматка караганда, окуя 28-сентябрь күнү саат 17:20да болгон
    © Фото / пресс-служба МВД Узбекистана
  • Последствия ДТП грузовым транспортным средством марки Volvo который несправившись с управлением, выехал на встречную полосу движения и совершил наезд на пешеходов на автодороге Булакбаши-Андижан в Андижанской области
    Аталган факты боюнча Булакбашы районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан "Жол эрежесин бузуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду
    © Фото / пресс-служба МВД Узбекистана
  • Последствия ДТП грузовым транспортным средством марки Volvo который несправившись с управлением, выехал на встречную полосу движения и совершил наезд на пешеходов на автодороге Булакбаши-Андижан в Андижанской области
    Учурда тергөө амалдарын улантуу үчүн иш Анжиян облустук ИИБине өткөрүлдү
    © Фото / пресс-служба МВД Узбекистана
1 / 4
© Фото / пресс-служба МВД Узбекистана
Булакбашы — Анжиян трассасында Volvo жүк ташуучу унаасынын кыргызстандык айдоочусу жолдо бараткан эки кызды коюп кеткен

Маалыматка караганда, окуя 28-сентябрь күнү саат 17:20да болгон.

"28 жаштагы Ш.Л. Саноат айылынын аймагында жүк ташуучу унаасын айдап баратып кырсыктаган. Кыргызстандык айдоочу рулду башкара албай калып, жолдун каршы тилкесине чыгып кеткен. Натыйжада жолдун четинде бараткан 10 жана 3 жаштагы кыздарды коюп, андан ары турак үйдү сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен эки кыз менен айдоочу жеринде көз жумган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Булакбашы районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан "Жол эрежесин бузуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдарын улантуу үчүн иш Анжиян облустук ИИБине өткөрүлдү.

166
Белгилер:
жол кырсык, Өзбекстан, Анжиян
Тема боюнча
Кырсыктарды алдын алуу үчүн Алматыда өзгөчө жол белгисин чийүү пландалууда
Учак. Архив

Жээнбеков менен Орбан Бишкек Будапешт авиакаттамын ачууга макулдашты

0
Вангриянын премьери эки өлкөнүн байланышы жана достугу туруктуу болушу үчүн түз аба каттамын ачуу зарылдыгын айтты.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда Бишкек — Будапешт маршруту боюнча түз аба каттамын ачуу тууралуу макулдашылды. Бул туурасында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан билдирди.

Белгилей кетсек, учурда президент Сооронбай Жээнбеков аталган өлкөдө расмий сапар менен жүрөт.

“Эгерде байланыштарыбыздын жана достугубуздун туруктуу болушун кааласак, анда биз түз аба каттамын ачуубуз зарыл. Будапешт менен Бишкектин ортосунда сөзсүз түрдө аба каттамы болушу керектигин макулдаштык. Биз юридикалык жана каржылык шарттарды түзөбүз. Каттамдар жакынкы мезгилде ачыларына үмүт кылабыз, — деп айтты Орбан.

Кыргыз-венгер кызматташтыгы боюнча 12 документке кол коюлду. Тизме

Ошондой эле ал Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда көптөгөн маанилүү макулдашууларга кол коюлганын баса белгилеп, мурда эки өлкө ортосундагы байланыштарга талаптагыдай көңүл бурулбаганын белгиледи.

0
Белгилер:
Венгрия, аба каттам, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Европадагы биринчи стратегиялык өнөктөш. Жээнбеков Орбанды Кыргызстанга чакырды
Гимндер жаңырып... Жээнбеков Венгрияда премьер Орбан менен расмий жолукту