Баткен облусунун башчысынын уулу Москвадан кармалды. Окуянын чоо-жайы

Жазылуу
Аткаминердин уулу ири өлчөмдөгү акчага алдап кетти деп айыпталууда. Аны мындан бир жума мурун колго түшүрүшкөн.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Москвада өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахмановдун баласы Азиз Орозбаев кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 2019-жылдын апрель айында Азиз Орозбаев жана башка эки жаран ишкердин ишеничине кирип, чет өлкөдөн алып келген автоунааларын сатып алууну убадалаган. Баасы 20 миң доллар турган Toyota Avalon жана 11 миң долларлык Hyundai Elantra үлгүсүндөгү автоунааны алып, бирок акчасын берген эмес. Мунун натыйжасында ишкерди 2 миллион 165 миң 350 сом материалдык чыгымга учураткан.

507 млн. сом менен из жашырып кеткен. ЖК депутатынын уулу Болгарияда кармалды

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен сотко чейинки өндүрүш ачылган. 

“Эки шектүү, анын ичинде Азиз Орозбаев 2019-жылы жазда алдамчылык ишинен кийин укук коргоо органдарынан качып кеткен. Тергөөчү тарабынан бир нече ирет шектүүлөрдү алып келүү тапшырмасы берилген. Бирок алардын жүргөн жери аныкталбай жаткан”, — деп жазылат маалыматта.

Мындан улам тергөө иштери бүтүп, 2020-жылы январь айында А.М. аттуу 31 жаштагы шектүүгө жана Азиз Орозбаевге ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча сыртынан айып тагылган. Биринчи май райондук соту да алардын бөгөт чарасын сыртынан карап, камакка алуу чечимин чыгарган. Ал эми ушул жылдын март айында шектүүлөргө издөө жарыяланып, сотко чейинки өндүрүш токтотулган.

Атасын жер каратып... Чиновник, саясатчылардын кылмышка аралашкан балдары

“Алдын ала маалымат боюнча, Азиз Орозбаев 4-сентябрда Москванын Красносельское айылынан укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Бишкектин Ленин РИИБинин Криминалдык милиция кызматы Россияга издөөдө жүргөн жарандардын тийиштүү документтерин жиберди”, — деп айтылат.

ИИМ аларды экстрадициялоо иши менен мындан ары Башкы прокуратура алектене турганын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0