Жигит сабап аткан киши. Архивдик сүрөт

Кыз талашкан. Бир жигитти алтоолоп сабаган Оштогу окуянын чоо-жайы

480
(жаңыланган 12:02 12.09.2020)
Алтоо бир жигитти сабап, андан соң шаар четине машина менен алып барып 4 500 сом акчасын, кийимдерин тоноп кеткен.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Ош шаарында бир жигитти алтоо сабап жатканы видеого түшүп калган окуя боюнча милиция маалымат берди.

Белгилей кетсек, 10-сентябрда 24 жаштагы Б.Н. аттуу жаранды Оштогу драма театрынын жанында топ балдар сабап жатканы видеого түшүп калган. Ал ооруканага жаткандан кийин саат 17.25 чамасында милицияга кабар берилген. 

Тергөө иштеринин жүрүшүндө жигиттердин ортосундагы чыр кызганычтан, бир кызды талашуудан келип чыкканы айкын болду.

"Ишти иликтөөгө алган оперативдүү ыкчам топ окуя 10-сентябрга караган түнү болгондугун аныктаган. 11-сентябрда түштөн кийин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы жаңжалга тиешеси бар шектүү алты жигиттин төртөөнү кармаган. Экөөнө издөө жарыяланды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Анын алкагында жабырлануучунун денесине залал келтирип, андан сырткары, шаар четине машина менен алып барып 4500 сом акчасын, кийимдерин тоноп кеткени белгилүү болду. Урган балдар мас болушкан", — деп айтылат маалыматта.

Ошто 81 жаштагы карыяны сабады делген киши кармалып, милиционерге да кол салды

Кылмышка шектүү катары кармалгандар 23-24 жашта, Ош шаарында жашашат. Учурда Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайында.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

480
Белгилер:
милиция, кармоо, сабоо, Жаңжал, мас, Ош
Тема боюнча
Аксы: үгүтчүнү коркутуп башка партияга иштөөгө мажбурлагандар камалды
Пакистандык студентти сабады деген үч киши камакка алынды
Жол кырсыкка кабылган унаа. Архивдик сүрөт

Катуу соккудан автоунаа тегеренип кеткен. Бишкектеги жол кырсыктын видеосу

133
(жаңыланган 21:12 25.09.2020)
Жол кырсыгы 20-сентябрда болуп, андан үч адам жабыркаганы айтылды. Окуянын видеосун материалдан көрүңүздөр.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Бишкекте Күйүкова менен Шералиев көчөлөрүнүн кесилишинде эки автоунаа кагышып, кырсык болгон учур кадрга түшүп калган.

Видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Маалымдалгандай, кырсык 20-сентябрда болуп, анда Volkswagen менен Mazda үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Видеодо көрүнүп тургандай, биринчи автоунаа солго бурулайын деп жатканда артында келе жаткан машина аны катуу сүзгөн. Жыйынтыгында бурулайын деген автоунаа тегеренип кеткен.

Бишкекте багаждан коляска чыгарып жаткан кишини унаа коюп кетип көз жумду

Тез жардам медициналык борбору кабарлагандай, кырсыктан үч адам жабыркаган.

133
Белгилер:
автоунаа, видео, жол кырсык, Бишкек
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Оштогу жол кырсыгында өрт чыгып, беш киши жабыркады. Сүрөттөр
Жол кырсыгы болгон жерге эмнеге инспектор чакыруудан качышат? Эреже, кеңештер
Тапанча кармаган адам. Архив

Бишкектин четинде Түркиянын жаранын атып, акчасы менен унаасын карактап кетишти

341
(жаңыланган 18:23 25.09.2020)
Жабырлануучу окуядан кийин ар кандай жаракат алып, борбор калаадагы ооруканалардын бирине жаткырылган.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Аламүдүн районунда белгисиз адамдар Түркиянын жаранына кол салып, атып кетишти. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Окуя Бишкектин четиндеги Кашка-Суу айылында болгон. Кол салуу боюнча милицияга 24-сентябрда түнкү саат 23.50дө кабарлашкан.

Жерине барган милиционерлер саат 23:40та бет кап кийген белгисиз адамдар 42 жаштагы чет элдик жаранга күч колдонуп, курал менен атып кетишкенин аныкташкан. Каракчылар анын 80 миң сом акчасын алып, машинасын айдап качып кеткен. Жабырлануучу ар кандай жарааты менен ооруканага жаткырылган.

Бишкекте эки милиционерге бычак кезеген кишини ок чыгарып кармашты. Видео

Учурда шектүүлөр изделип жатат. Иш менен Чүй РИИБдин жана ОИИБдин тажрыйбалуу тергөөчүлөрү алектенүүдө.

341
Белгилер:
ок атуу, акча, кылмыш, тергөө
Тема боюнча
Аравандагы массалык мушташ: 13 шектүү аныкталып, тогузу ооруканада
Кыз талашкан. Бир жигитти алтоолоп сабаган Оштогу окуянын чоо-жайы
Украинада аскер учагы кулады

Украинада аскер учагы кулады. 23 адамдын өмүрүн алган кырсыктын видеосу

90
(жаңыланган 01:46 26.09.2020)
Бортто экипаж мүчөлөрүнөн сырткары аскер-аба күчтөрүнүн Харьков университетинде билим алган курсанттары бар болчу.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Украинанын Харьков облусунда Ан-26 деп аталган аскер учагы кулады. Андан каза болгондор жана жабыркагандар бар. Бул тууралуу РИА Новости Украинанын аскер-аба күчтөрүнүн маалыматына таянып кабарлады.

Кырсыктын видеосу басылманын Telegram -каналына жарыяланган.

​"25-сентябрь күнү кечинде Харьков облусунда Украинанын аскер-аба күчтөрүнө тиешелүү болгон АН-26 учагы кырсыктады. Учак жерге коноюн деп жатканда кулаган. Бортто экипаж мүчөлөрүнөн сырткары аскер-аба күчтөрүнүн Харьков университетинде билим алган курсанттары бар болчу. Арасында каза болгондор, жабыркагандар бар. Маалымат такталып жатат", — деп айтылат билдирмеде.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, учак кырсыгынан 23 адам каза болуп, эки адам оор абалда ооруканага жеткирилген. Акыркы маалыматтар боюнча жеринде куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр иштөөдө.

Украинанын президенти Владимир Зеленский кырсык болгон жерге чыгып кеткени кабарланды.

90
Белгилер:
өрт, кырсык, учак, Харьков, Украина
Тема боюнча
Бразилияда учак автожолго кулап, талкаланып калды. Видео
14 киши көз жумду. Индияда учак экиге бөлүнүп кетип, кырсыктаган видео