Аюнун териси. Архивдик сүрөт

Таласта эки аюунун башы жана териси менен кармалган адам сурак берүүдө

132
(жаңыланган 20:30 12.09.2020)
Ушу тапта облустук милиция Аңчылык кылуу департаменти менен биргеликте текшерүү иштерин жүргүзүп жатканы маалым болду.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Эки аюунун башы, эти жана териси менен кармалган Таластын тургуну ушу тапта сурак берип жатат. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Эскерте кетсек, социалдык тармакта Милиция башкармалыгынын короосунда эки аюунун жайылган териси, баштары жана эти тартылган сүрөт тарап, жаныбарды атуу браконьерлердин колунан келгени жазылган.

ОИИБ бул боюнча маалымат таратып, аталгандын баары текшерүү учурунда мыйзамсыз аңчылык кылган К.У. аттуу тургундун автоунаасынан табылганын билдирди.

Бишкекте ак илбирстин терисин сатууга аракет кылган киши кармалды. Сүрөттөр

"12-сентябрга караган түнү Талас ОИИБнин кызматкерлери тарабынан Бакай-Ата районунун 36 жаштагы тургуну кармалган. Текшерүү учурунда анын машинасынан эки аюунун башы, эти жана ок атуучу куралы табылган. Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Табылгандын баары далил зат катары алынып, Аңчылык кылуу департаментине өткөрүп берилди. Кармалган жаран сурак берип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери аталган департамент менен биргеликте жүргүзүлүп жатканы айтылды.

132
Белгилер:
браконьер, экспертиза, тергөө, милиция, сурак, аюу, Талас
Тема боюнча
Ысык-Көлдө аюу менен ак илбирстер коруктун тышына чыкты. Сүрөт
Бишкекте ак илбирстин терисин сатууга аракет кылган киши кармалды. Сүрөттөр
Жарылган дөңгөлөк. Архив

Дөңгөлөк жарылганда асманга топтой ыргыган киши. Бишкекте тартылган видео

604
(жаңыланган 16:45 24.09.2020)
Мээси чайкалып, сөөктөрү сынып кеткен жабырлануучу Бишкек илим изилдөө травматология жана ортопедия борборуна жаткырылды.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бишкектеги автоунааларды техникалык жактан тейлөө станцияларынын биринин кызматкери дөңгөлөктүн жарылып кетишинен улам катуу жабыркады.

Окуя болгон учурдагы видео "Короче" Telegram-каналына жүктөлдү. Кадрларда көрүнүп тургандай, жүк жашуучу автоунаанын дөңгөлөгүн оңдоп жатканын көрүүгө болот. Бир маалда ал жарылып кетип, жумушчу кадимкидей ыргып кетет.

Медиктер бул  маалыматты тастыкташты. Окуя бүгүн саат 11:00дө айланма жол тараптагы  Ак-Жар жаңы конушу жакта болгон. Жабырлануучунун мээси чайкалып, сөөктөрү сынып кеткен. Учурда ал Бишкек илим изилдөө травматология жана ортопедия борборуна жаткырылды.

604
Белгилер:
оорукана, жарылуу, жумушчу, дөңгөлөк, Бишкек
Тема боюнча
Индия: премьердин туулган күнүндө 100 шар жарылып кетип, адамдар жабыркады
Унаанын жанында турган адам. Архив

Бишкекте багаждан коляска чыгарып жаткан кишини унаа коюп кетип көз жумду

357
(жаңыланган 15:22 24.09.2020)
40 жаштагы жаран окуя болгон жерден жан берген. Милициянын кайгуул кызматы кырсыктын чоо-жайын аныктап жатат.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бишкекте унаасынын багажынан балдар коляскасын алып жаткан кишини унаа коюп кетти. Ал ошол жерден көз жумган. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Кырсык кечээ түнкү саат 02:00дө Фучик көчөсүндө болгон. KIA Spectra унаасы 40 жаштагы кишини сүзгөн.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

357
Белгилер:
Бишкек, өлүм, жол кырсык, унаа
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Нарында Toyota менен Honda Stepwgn кагышып, үч адам каза тапты
Жабыла чуркап сууруп чыгышты. Өрттөнгөн унаадагы кишилерди куткарган видео
Кара-Суу райондук администрациясынын жетекчиси Тилекбек Матраимов. Архив

Кара-Суунун акими Тилек Матраимов кызматтан кеттиби? Расмий жооп

0
(жаңыланган 20:51 24.09.2020)
Матраимов аталган районду сегиз жылдан бери жетектеп келет. Бүгүн социалдык тармактарда анын кызматтан кеткени тууралуу кептер тарап жатат.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кара-Суу райондук администрациясынын жетекчиси Тилекбек Матраимов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган жок. Бул тууралуу Sputnik агенттигине өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Байыш Юсупов билдирди.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Матраимов район башчылыгынан кетти деген кептер тарап жатат.

Облус жетекчиси Юсупов бул маалыматты төгүндөп, Мартаимов кыска убакыттагы эс алууга чыкканын билдирди.

"Арыз жазды деген маалымат жок. Ал киши отпускага кетти", — деди Юсупов.

Кабарчынын ал качан жана канча убакытка эс алууга кетти деген суроосуна "бүгүндөн тарта бир айга" деп жооп берди.

Тыңгылыктуу санариптеше албай жатабыз! Суракматов бир жетекчини кызматтан алды

Матраимов Кара-Суу районун 2012-жылдын февраль айынан тарта жетектеп келет.

0
Белгилер:
Тилекбек Матраимов, аким, кызмат, Кара-Суу району, Ош
Тема боюнча
Бишкектин Ленин районуна жаңы аким келди