Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара алып жатып кармалды. Сүрөт

Жазылуу
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына Ж.З. аттуу жаран кайрылып, райондук соттун төрагасы пара сураганын айткан.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти. 

© Фото / пресс-служба ГКНБОш облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара алып жаткан жеринен кармалды.
Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара алып жатып кармалды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара алып жаткан жеринен кармалды.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына 11-сентябрда Ж.З. аттуу жаран кайрылган. Анын арызынын негизинде УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Жазык кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү ("Пара талап кылуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Финпол: опузалап акча талап кылды делген УКМК кызматкери кармалды

"Кара-Суу райондук сотунун төрагасы А.Ж.С. экинчи тарапка оң чечим чыгарып берүү боюнча Ж.З. аттуу жарандан пара талап кылганы такталды. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында 14-сентябрь күнү А.Ж.С. акчаны алып жаткан учурунда колго түшүрүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.

УКМК райондук соттун төрагасы канча суммада пара талап кылганын айткан жок. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0