Ак-Буурага Porter менен түшүп кеткен киши жана бир бала изделип жатат

CC BY-SA 2.5 / mliu92 / Hyundai Porter / croppedHyundai Porter автоунаасы. Архив
Hyundai Porter автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаадагы үч адамдын ичинен бирөө аман калып, Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Ал эми эки кишини куткаруучулар суудан издеп жатат.

БИШКЕК, 15-cен. — Sputnik. Ош облусундагы Ак-Буура дарыясына Hyundai Porter унаасы түшүп кетип, ичиндеги бир киши табылып, дагы экөө изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, окуя 14-сентябрь күнү кечинде Ак-Терек — Папан — Кожокелең унаа жолунун 40-чакырымындагы Күндү-Дөбө айылында болгон. Анда жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен.

Аламүдүн: көлмөгө чөгүп кеткен эки жигиттин сөөгү табылды

Унаадагы үч адамдын ичинен бирөө аман калып, Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Ал эми эки кишини куткаруучулар суудан издеп жатат. Анын бири төрт жашар бала экендиги кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0