Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев. Архив

Экс-министр Космосбек Чолпонбаев кармалды

1190
(жаңыланган 09:30 16.09.2020)
Мурдагы министр жайында Финполго көрсөтмө берүү үчүн чакырылган эле. Бүгүн ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кармалды.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Бүгүн мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына шалаакылык жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Бүгүн, 15-сентябрда, Космосбек Чолпонбаев 320-берене ("Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча шектелип, кармалды. 

"Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилик кызматтагы өкүлдөрү кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча келишим түзгөндүгү аныкталды. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын зыян келген", — деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, Чолпонбаев ушул жылдын 9-июлунда Финполго суракка чакырылган. Ал Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата "коррупция жана өзүнчө бир фармацевтикалык компаниянын кызыкчылыгын коргогон" деп козголгон кылмыш иши боюнча көрсөтмө берери айтылган. Эртеси, 10-июлда, Чолпонбаевдин жүрөгү кармап, оор абалда ооруканага түшкөн.

Чолпонбаев 2018-жылы 20-апрелде саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Быйыл коронавирустун алдын алуу иштерин чабал аткарганы үчүн президент Сооронбай Жээнбековдон тил угуп, 1-апрелде кызматтан алынган.

1190
Тема боюнча
"Унаа" директорунун жардамчысы паракорлукка шектелип кармалды
Президент коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акчага салынган мектепти көрдү
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив

Бишкекте төрт машина кагышты. Видео

91
(жаңыланган 19:39 29.09.2020)
Төрт машина кагышкан жол кырсыктан жабыркагандар жок. Окуя шаардын түндүк тарабында, Элебесов көчөсүндө болгон.

БИШКЕК, 29-сен. – Sputnik. Бишкекте бүгүн төрт жеңил унаа кагышканын Кайгуул милициясынан билдиришти.

Жол кырсыгынын видеосу Telegram-каналынын “Короче” тайпасына жарыяланды.

Окуя Фере жана Элебесов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Күбөлөрдүн айтымында, кырсыктын айынан Баялинов көчөсүнө чейин тыгын жаралган.

Милициядан билдиришкендей, жабыркагандар жок.

91
Белгилер:
жол кырсык, Бишкек
Тема боюнча
Анжиянда кыргызстандык айдоочу эки кызды коюп, өзү кошо көз жумду
Анжиянда болгон жол кырсыгы

Анжиянда кыргызстандык айдоочу эки кызды коюп, өзү кошо көз жумду

174
(жаңыланган 12:32 29.09.2020)
Факты боюнча "Жол эрежесин бузуу" беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдарын улантуу үчүн иш Анжиян облустук ИИБине өткөрүлдү.

БИШКЕК, 29-сен. – Sputnik. Булакбашы — Анжиян трассасында Volvo жүк ташуучу унаасынын кыргызстандык айдоочусу жолдо бараткан эки кызды коюп кеткен. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин сайтына жарыяланды.

  • Последствия ДТП грузовым транспортным средством марки Volvo который несправившись с управлением, выехал на встречную полосу движения и совершил наезд на пешеходов на автодороге Булакбаши-Андижан в Андижанской области
    Булакбашы — Анжиян трассасында Volvo жүк ташуучу унаасынын кыргызстандык айдоочусу жолдо бараткан эки кызды коюп кеткен
    © Фото / пресс-служба МВД Узбекистана
  • Последствия ДТП грузовым транспортным средством марки Volvo который несправившись с управлением, выехал на встречную полосу движения и совершил наезд на пешеходов на автодороге Булакбаши-Андижан в Андижанской области
    Маалыматка караганда, окуя 28-сентябрь күнү саат 17:20да болгон
    © Фото / пресс-служба МВД Узбекистана
  • Последствия ДТП грузовым транспортным средством марки Volvo который несправившись с управлением, выехал на встречную полосу движения и совершил наезд на пешеходов на автодороге Булакбаши-Андижан в Андижанской области
    Аталган факты боюнча Булакбашы районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан "Жол эрежесин бузуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду
    © Фото / пресс-служба МВД Узбекистана
  • Последствия ДТП грузовым транспортным средством марки Volvo который несправившись с управлением, выехал на встречную полосу движения и совершил наезд на пешеходов на автодороге Булакбаши-Андижан в Андижанской области
    Учурда тергөө амалдарын улантуу үчүн иш Анжиян облустук ИИБине өткөрүлдү
    © Фото / пресс-служба МВД Узбекистана
1 / 4
© Фото / пресс-служба МВД Узбекистана
Булакбашы — Анжиян трассасында Volvo жүк ташуучу унаасынын кыргызстандык айдоочусу жолдо бараткан эки кызды коюп кеткен

Маалыматка караганда, окуя 28-сентябрь күнү саат 17:20да болгон.

"28 жаштагы Ш.Л. Саноат айылынын аймагында жүк ташуучу унаасын айдап баратып кырсыктаган. Кыргызстандык айдоочу рулду башкара албай калып, жолдун каршы тилкесине чыгып кеткен. Натыйжада жолдун четинде бараткан 10 жана 3 жаштагы кыздарды коюп, андан ары турак үйдү сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен эки кыз менен айдоочу жеринде көз жумган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Булакбашы районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан "Жол эрежесин бузуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдарын улантуу үчүн иш Анжиян облустук ИИБине өткөрүлдү.

174
Белгилер:
жол кырсык, Өзбекстан, Анжиян
Тема боюнча
Кырсыктарды алдын алуу үчүн Алматыда өзгөчө жол белгисин чийүү пландалууда
Паста. Архив

Бөдөнөнүкү пайдалуу. Чийки жумуртка кошулган тамактын кооптуулугу айтылды

0
(жаңыланган 08:31 30.09.2020)
Адистин айтымында, чийки жумуртканын курамында ууланууга алып келүүчү сальмонелла бактериясы болушу мүмкүн.

БИШКЕК, 30-сен. – Sputnik. Ресторандагы карбонара пастасы, тирамису десерти жана курамына чийки жумуртка кошулган тамактар кооптуу болот. Мындай пикирди ветеринар-дарыгер Алексей Кухно ForPost порталына берген маегинде айтканын РИА Новости жазды.

Анын белгилешинче, чийки жумуртканын курамында ууланууга алып келүүчү сальмонелла бактериясы болушу ыктымал. Адис мындан көрө тамак даярдоодо бөдөнөнүн жумурткасын пайдаланууну сунуш кылат. Ал кооптуу инфекциянын болушун жокко чыгарат.

Диетолог организмге пайдалуу деп жүргөн азыктардын зыянын айтып берди

"Бөдөнөнүн дене табы жогору, 40 градустан ашык болгондуктан, алар сальмонеллез илдети менен оорубайт. Эгер патоген (оорунун козгогучу) организмге кирип калса, анда ал жашап кете албайт", — деген Алексей Кухно.

Ошондуктан дарыгер коомдук тамактануу жайларында жогоруда кооптуу деп айтылган тамак-аштарга буюртма берүүдөн карманууга чакырат.

0
Белгилер:
кооптуулук, уулануу, ден соолук, тамак-аш
Тема боюнча
Чөнтөккө да күч келбейт, ден соолукка да пайдалуу. Диетолог 7 азыкты санады