Ошто аскер өзүн атып алганы айтылды. Кызматтык иликтөө жүрүүдө

Жазылуу
Генералдык штабдын билдиришинче, Абадан коргонуу күчтөрүнүн лейтенанты нөөмөт кезегин тапшырып жатканда кокусунан ок чыгарып алган.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Ошто аскер кызматкери өзүн бутка атып алып, бул боюнча кызматтык иликтөө башталды. Кабарды Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын маалымат кызматы таратты.

Окуя 15-сентябрда №75565 аскер бөлүгүндө болгон.

Анда Абадан коргонуу күчтөрүнүн лейтенанты нөөмөт кезегин тапшырып жатканда кокусунан ок чыгарып алып, оң бутунан жеңил жаракат алган. Жабырлануучуга керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөнү белгиленди.

Жалал-Абадда кызмат өтөп жаткан аскер өз өмүрүн кыйды

Бул факт боюнча кызматтык иликтөө дайындалып, окуя тууралуу Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасына кабарланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0