Жол кырсыктын кесепети. Иллюстративдик сүрөт

Бишкекте катуу келе жаткан Daewoo чиркегичке кептелип калды. Видео

192
(жаңыланган 17:20 16.09.2020)
Видеодо жеңил унаа катуу капшырылып калганы көрүнүп турат. Кырсыкта жабыркаган үч адам ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Бишкектин батыш тарабында жол кырсыгы катталып, үч адам жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлады.

Кырсык 16-сентябрга караган түнү саат 04:40тарда Фрунзе менен Абакан көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Daewoo Nexia оор жүк ташуучу унаанын чиркегичинин алдына кептелип калган. Үч адам жабыркап, алар ооруканага жеткирилген.

Окуянын жеринен тартылган видеосун "Короче" Telegram-каналы жарыялаган.

Анда жеңил унаа капшырылып калганы көрүнүп турат. Күбөлөрдүн айтымында, жеңил унаа жогорку ылдамдыкта келгендиктен, катуу урунуп, толугу менен чиркегичтин алдына кирип кептелип калган.

Аламүдүндөгү жол кырсыктан бир киши каза таап, дагы бешөө жабыркады. Видео

Тийиштүү экспертизалар дайындалып, жол кырсыгынын себептери аныкталып жатат.

192
Белгилер:
унаа, Бишкек, жол кырсык
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (239)
Тема боюнча
Nexia бакты сүзүп, Cefiro каналга түшүп кеткен. 4 адам жол кырсыктан көз жумду
Кубакы ашуусундагы жол кырсыгында 25 жаштагы жигит каза болду. Сүрөт
Бишкекте беш унаа кагышкан жол кырсыгы катталды. Видео
Россиянын бажы кызматкери. Архивдик сүрөт

Кыргызстандын жараны Россиянын бажы кызматкерине пара берип жатып кармалды

144
РФ аймагына мыйзамсыз негизде бут кийим киргизүүгө аракет жасаган кыргызстандык жаран бажы кызматкерине пара сунуштаган. Бирок ал акчаны албастан, тийиштүү органдарга кабарлаган.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Россияда бажы кызматкерине 300 миң рубль пара берген кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Урал бажы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, КР жараны Россиянын аймагына маркировкадан өтпөгөн 70 миң бут кийим киргизүүгө аракет жасаган. Товар жүктөлгөн унаа орус-казак чек арасындагы "Бугристое" көзөмөл өткөрүү бекетинен кармалган.

Эки күн мурда Финпол колго түшүргөн салыкчы кызматтан алынды

Бажы кызматкери ага пара сунушталганы тууралуу Челябинск бажысынын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнө кабарлаган.

"Пара берүү фактысы каттоого алынып, шектүү колго түштү", — дешти башкармалыктан.

Факты боюнча РФнын Кылмыш-жаза кодексинин 291-беренеси ("Пара берүү") боюнча кылмыш иши козголду. Шектүүгө 1-3 миллион айып салынып же 7-12 жылга эркинен ажырашы мүмкүн.

144
Белгилер:
пара, коррупция, Россия, бажы, Кыргызстан
Тема боюнча
УКМК: ИИМдин бөлүм башчылары кол астындагылардан акча талап кылган
Баңгизат сатып жаткан милициянын полковники Бишкекте кармалды

УКМК: Бишкекте баңгизат сатып жаткан полковник кармалды

960
(жаңыланган 20:39 23.09.2020)
Кармалган жаран Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн полковниги экени айтылды.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын полковниги 1,5 кг. нашааны башка бирөөлөргө соодалап жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Задержан старший оперуполномоченный управления СБНОН МВД КР по Чуйской области полковник милиции Ж.А. при попытке сбыта наркотиков общим весом более 1,5 кг
    Бүгүн Бишкекте Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын полковниги 1,5 кг. нашааны башка бирөөлөргө соодалап жаткан жеринен кармалды
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • Задержан старший оперуполномоченный управления СБНОН МВД КР по Чуйской области полковник милиции Ж.А. при попытке сбыта наркотиков общим весом более 1,5 кг
    Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • Задержан старший оперуполномоченный управления СБНОН МВД КР по Чуйской области полковник милиции Ж.А. при попытке сбыта наркотиков общим весом более 1,5 кг
    Кармалган жаран Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн полковниги экени айтылды
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
1 / 3
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Бүгүн Бишкекте Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын полковниги 1,5 кг. нашааны башка бирөөлөргө соодалап жаткан жеринен кармалды
"Ж.А. башкалардан алынган 1,5 килограммдык  баңгизатты — нашааны брикет түрүндө (166 даана) сатканга аракет кылган. Анын жалпы суммасы 581 000 сомду түзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн полковниги экени айтылды.   

Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши Кылмыш кодексинин 267-беренесинин негизинде Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ж.А. УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

960
Белгилер:
кармоо, УКМК, полковник, баңги зат, Кыргызстан
Тема боюнча
Уурдалган 3 кг алтын. Бишкекте милициянын жетекчиси кармалды
Бир рубль монетасы жана долларлык монета жана купюрасы. Архив

Россияда доллардын баасы кескин кымбаттап кетти

0
(жаңыланган 00:14 24.09.2020)
Доллардын сомго карата баасы сезилерлик өзгөргөн жок. Анткен менен Россия акчасынын наркы түшүп кетиши, доллардын Кыргызстандагы баасына таасир этип койгон учурлар көп.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Россияда апрель айынан бери биринчи жолу доллар 77 рублге чыгып, кескин кымбаттады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Москва биржасынын маалыматына караганда, бир доллар Бишкек убактысы боюнча саат 20:24тө 77,07 рублди түздү (96 тыйынга кымбаттады). Ал эми евро 80 тыйынга кымбаттап, 89,93 рубль болду.

Белгилей кетсек, доллардын сомго карата баасы сезилерлик өзгөргөн жок. Анткен менен Россия акчасынын наркы түшүп кетиши, доллардын Кыргызстандагы баасына таасир этип койгон учурлар көп.

0
Белгилер:
баа, доллар, Россия
Тема боюнча
Россияда евронун баасы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Кыргызстанда абал кандай?