Чүйдүн Ысык-Ата районундагы жол кырсыгы

Ысык-Атада машиналардын кагышуусунан жаш бала каза таап, 4 киши жабыркады

118
(жаңыланган 11:18 17.09.2020)
Окуя кечээ түштөн кийин болгон. Куткаруучулар кырсыктын кесепетинен жаракат алган үч эркек киши менен бир аялды унаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Чүйдүн Ысык-Ата районундагы жол кырсыгында бир жаша бала каза болуп, дагы төрт киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

ДТП на трассе Бишкек — Нарын — Торугарт в селе Кен-Булун Ысык-Атинского района. 17 сентября 2020 года
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Чүйдүн Ысык-Ата районундагы жол кырсыгында бир жаша бала каза болуп, дагы төрт киши жабыркады

Каргаша 16-сентябрь күнү саат 16:08де Бишкек — Нарын — Торугарт айланма унаа жолунун 47-чакырымындагы Кең-Булуң айылында катталган. Анда Mazda 626 жана Seat үлгүлөрүндөгү унаалардын кагылышып кеткени айтылат.

Бишкекте катуу келе жаткан Daewoo чиркегичке кептелип калды. Видео

ӨКМдин куткаруучулары кырсыктын кесепетинен жаракат алган үч эркек киши менен бир аялды унаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми көз жумган баланын сөөгүн куткаруучулар келгенге чейин медиктер алып кеткени белгилүү болду.

118
Белгилер:
кагылышуу, унаа, өлүм, кырсык, Ысык-Ата
Тема боюнча
Баткенде автоунаа оодарылып кетип эки киши көз жумду
Украинадагы кулаган учактын кырсыгы

Кулаган учактан аман калган курсанттын атасы: мен дагы үч жолу кырсыктагам

22
(жаңыланган 11:26 27.09.2020)
25-сентябрь күнү кечинде Украинанын Харьков облусунда аскер учагы кулап, борттогу 27 кишинин ичинен бир гана курсант аман калган.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Украинадагы учак кырсыгынан аман калган курсанттын атасы Виталий Золочевский дагы үч ирет учак кырсыгына кабылган. Бул тууралуу "Сегодня" басылмасына өзү билдиргенин "Известия" жазды.

Эске салсак, 25-сентябрь күнү кечинде Украинанын Харьков облусунда аскер учагы кулаган. Борттогу 27 кишинин ичинен бир гана курсант аман калган.

"Мен дагы буга чейин үч ирет учак кырсыгына кабылгам. Балам да эсен калды. Бул — атасынын уулу дегенди түшүндүрөт", — деди Золочевский.

Ал учак кырсыгынан баласы болгону этин оорутуп алганын кошумчалаган.

Украинада аскер учагы кулады. 23 адамдын өмүрүн алган кырсыктын видеосу

"Баары эле уулумду учактан секирип кеткен деп айтышууда. Бирок чындыгында андай болгон эмес. Ал катуу басымдан ыргып кеткен. Мен билгенден ал досун куткарууга аракет кылган", — деди ал.

Маалым болгондой, кырсыктаган аскер учагынын ичинде 27 киши болгон. Анын жетөө экипаж мүчөлөрү, 20сы аскер-аба күчтөрүнүн Харьков улуттук университетинде билим алган курсанттары эле.

Аман калган курсант учурда ооруканада жатат.

22
Белгилер:
ата, курсант, окуя, кырсык, учак, Украина
Тема боюнча
38 адам жер алдында калган. Жер көчкүгө күбө болгон өзгөндүк Калдыбаевдин маеги
Бычак кармаган киши. Архивдик сүрөт

Милиция: таңда үйгө кирген каракчылар атасын бычактап, кызын өлтүрүп кетишти

402
(жаңыланган 22:01 26.09.2020)
Кылмышты ачуу боюнча Аламүдүн району менен Чүй облусунун тартип коргоочулары иштей тургандыктарын айтышты.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкекке жакын жайгашкан Төмөнкү Ала-Арча айылында үйгө ууруга киргендер кызды өлтүрүп кетишкен. Бул туурасында Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Кол салуу боюнча маалымат милицияга 26-сентябрда болжол менен саат 03:10до түшкөн.

Маалыматка караганда, саат 02:50лөр чамасында үйгө бет капчан белгисиз эки киши кирген. Алар 62 жаштагы Т.Ж. аттуу киши менен анын 26 жаштагы Т.А. аттуу кызын бычактап, андан соң качып кетишкен.

Автомат, мылтык жана тапанча табылды. Бишкекте жети киши кармалган видео

Кыз көз жуумп, ал эми киши Бишкектеги ооруканалардын биринде. Жазык кодексинин негизинде 130-берене ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш иши ачылган.

Кылмышкерлерди табуу үчүн тартип коргоо органдарынын Аламүдүн райондук жана Чүй облустук, республикалык деңгээлдеги тажрыйбалуу делген ыкчам кызматкерлеринен турган топ түзүлүп, иштеп жатат.

402
Белгилер:
милиция, киши өлтүрүү, каракчылык, уурулук, Кыргызстан
Тема боюнча
Өзгөндө таксистти өлтүрүп, сөөгүн өрттөдү делген эки өспүрүм камакка алынды
Медициналык кызматкер COVID-19 менен оруган бейтаптын рентген сүрөтүн карап турат. Архив

Окумуштуулар коронавирустун негизги “амалын” аташты

0
(жаңыланган 11:59 27.09.2020)
Адистер буга чейин башка илдеттерди дарылап келген синтетикалык интерферон эми коронавирус менен күрөшүүдө дагы таасирдүү болорун айтышат.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Коронавирустун негизги “амалкөйлүүлүгү” — организмге түшөрү менен анын вирустарга каршы реакциясын жайлатып койгонунда. Мындай бүтүмгө америкалык вирусолог Шэйн Кротти келгенин жергиликтүү ЖМКга шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Вирус организмдин алгачкы реакциясын начарлатуу менен утушта болот. Анткени коронавирус организмге түшкөндөгү негизги душманы болуп эсептелген интерферон заты жакшы иштебей калат. Тагыраагы, вируска каршы турчу эң маанилүү учурда иммунитет жооп бере албайт”, — деди адис.

Коронавирустун белгилери байкалса кайда кайрыласыз? Министрликтин жообу

Буга чейин деле окумуштуулар интерферон жетишпеген адамдарда COVID-19 оорураак өтөрүн айтып келишкен. Андыктан адистер буга чейин башка илдеттерди дарылап келген синтетикалык интерферон эми коронавирус менен күрөшүүдө дагы таасирдүү болорун айтышат.

0
Белгилер:
иммунитет, дары, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Вирусолог: пандемияны биринчи, экинчи толкун деп бөлүүнүн кажети жок