https://sputnik.kg/20200918/nookattagy-avtokyrsyktan-suuga-agyp-ketken-4-zhashar-balanyn-soogu-izdeluudo-1049653913.html
Ноокатта сууга кулаган автоунаадагы бир киши табылып, 4 жашар бала изделүүдө
Ноокатта сууга кулаган автоунаадагы бир киши табылып, 4 жашар бала изделүүдө
Sputnik Кыргызстан
Окуя мындан төрт күн мурун болгон. Үч кишинин бирөө аман калып, экөө суудан изделип жатканы айтылган болчу. 18.09.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-09-18T10:19+0600
2020-09-18T10:19+0600
2021-12-15T22:44+0600
https://sputnik.kg/img/104399/69/1043996939_0:0:3072:1738_1920x0_80_0_0_ae62031ae642a484869248977630ed3b.jpg
ноокат
ак-буура
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104399/69/1043996939_0:0:3072:1930_1920x0_80_0_0_5813e629fbb6142c5e58e2503faab369.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, окуялар, ноокат, ак-буура
жаңылыктар, коом, кыргызстан, окуялар, ноокат, ак-буура
Ноокатта сууга кулаган автоунаадагы бир киши табылып, 4 жашар бала изделүүдө
10:19 18.09.2020 (Жаңыртылды: 22:44 15.12.2021) Окуя мындан төрт күн мурун болгон. Үч кишинин бирөө аман калып, экөө суудан изделип жатканы айтылган болчу.
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Ноокат районунун Күндүү Дөбө айылында Ак-Буура дарыясына кулаган Hyundai Porter үлгүсүндөгү автоунаанын ичиндеги бир кишинин сөөгү табылып, төрт жашар баланы издөө уланууда. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Окуя 14-сентябрда Ак-Терек — Папан — Кожокелең жолунда болгон. Машинанын ичиндеги үч адамдын бирөө тирүү калып, 64 жаштагы киши менен төрт жаштагы бала көз жумган.
Ысык-Атада машиналардын кагышуусунан жаш бала каза таап, 4 киши жабыркады
"Кечээ, 17-сентябрь күнү, ӨКМдин 19 куткаруучусу тартылып, түштөн кийин эркек кишинин сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп берди", — деп жазылат маалыматта.
Министрликтен бүгүн кичинекей баланын сөөгүн издөө иштери улантыларын билдирди.