Ат-Башы: сибирь жарасы менен ооруган уйдун эти элге тарап, эки киши жабыркады

Жазылуу
Оору илештирип алгандар Нарын шаардык ооруканасына жаткырылып, изоляцияга алынганы маалым болду. Ал эми уй союлган жердин айланасы толугу менен тосулган.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Ат-Башы районунун эки тургунунан сибирь жарасы аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине райондун администрация башчысынын биринчи орун басары Максат Кадыркулов билдирди.

Анын айтымында, оору илештирип алгандар Нарын шаардык ооруканасына жаткырылып, изоляцияга алынган.

"Бул окуя 2-сентябрда болуптур. Анда Ак-Сай өрөөнүндөгү Коенду-Колот деген жеринде малчылар бир уйдун ичи көөп, абалы жакшы эместигин байкап, союшкан. Уйдун ашказанынан аркандын калдыктарын таап, мал ошол себептен ооруп жаткан го деп болжоп коюшкан. Ошол жерден ичеги карындарын алып, уйду автоунаага жүктөп Баш-Кайыңды айылына караштуу Кара-Тал деген айылга алып барышкан. Уйдун ээсинин үйүнөн аны союп, эт алам дегендерге таратышкан. Кийинчерээк, 11-сентябрда, уй сойгон адамдардын биринин колу шишип Ат-Башы аймактык ооруканасына кайрылган. Ал сибирь жарасына шектелип, анализ алынып, жыйынтыгында чындап эле жугузуп алганы аныкталган", — деди Кадыркулов.

Акимдин орун басары уй союлган жердин баары курчоого алынып, малчылар изоляция болгонун кошумчалады.

Тогузбаева: шарп, кутурма, күйдүргү — адам өмүрү үчүн да кооптуу

"Ал эми уйдун этин 12 үй-бүлө сатып алган. Азыркы тапта 68 адам үй көзөмөлүндө турушат. Аларда оорунун белгилери жок. Таратылган эттин баары кайтарып алынды. Баш-Кайыңды айыл өкмөт башчысынын буйругу менен Кара-Тал айыл өкмөтүнө карантин жарыяланды. Уйдун баш-териси лабораторияга берилген. Жыйынтыгында анда сибирь жарасы бар экени аныкталды. Азыркы тапта уйду союп, ооруу жугузган эки адам ооруканада", — деди Кадыркулов.

Сибирь жарасы — жер кыртышында узак жылдар бою сакталып, адамдарга жана жаныбарларга коркунуч алып келген бактериялык жугуштуу дарт.

Жаңылыктар түрмөгү
0