Бишкекте эки милиционерге бычак кезеген кишини ок чыгарып кармашты. Видео

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи нападения в КР
Случаи нападения в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй облустук милициясы буга чейин 51 жаштагы мас киши себеби жок эле милиционерге бычак урганын билдирген.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Социалдык тармакка эки милиционерге бычак кезеген кишини кармоо учурунан тартылган видео жарыяланды.

Андан милицонер колунда бычагы бар кишиге карай жерге эки жолу ок чыгарганын көрүүгө болот. Аны дагы тоготпой ары-бери качып, бычак менен тап берип бир мүнөттөй турган. Ошол маалда жарандык кийимчен эки киши аны артынан келип кармаган. Андан соң милиционерлер кишинин колун кайрып жерге жаткызып жатканы тартылган.

Видеонун астына окуя Бишкектин жака-белиндеги Төмөнкү Ала-Арча айылында болгонун жазышууда.

Ош шаарында милиционер менен тургундар мушташа кетти. Видео

Белгилей кетсек, Чүй облустук милициясы аталган айылда 18-сентябрь күнү 51 жаштагы мас киши себеби жок эле милиционерге бычак урганын билдирген. Анда да укук коргоо органынын кызматкери табелдик куралынан ок чыгарганы айтылган.

Бүгүн соцтармакка жарыяланган видео ушул болушу ыктымал. Чүй ОИИББдин маалымат кызматы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0