Муштумун көтөрүп турган адам. Архив

Араванда үгүт учурунда мушташтан 12 адам ооруканага түшүп, 10у сурак берүүдө

457
(жаңыланган 10:16 21.09.2020)
Ош облустук ички иштер башкармалыгы шайлоо мыйзамдарын бузган тараптар катуу жазалана турганын эскертти.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Ош облусунун Араван районунда саясий партиянын үгүт иштерин өткөрүү маалында жаңжал чыгып, 12 адам жаракат алды. Бул туурасында Ош облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, кечээ, 20-сентябрда, саат 19:15те Араван РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө райондун Юсупов айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында белгисиз адамдар мушташып жатканы кабарланган.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине саат 19:42де катталган.

"Алгачкы текшерүүдө саат 18:30дар чамасында айылда 100 чакты адамдын катышуусунда саясий партиянын талапкери үгүт ишин өткөрүүгө элди чогулткан. Ошол маалда белгисиз себептерден улам чыр чыккан. Натыйжада 20-сентябрь күнү саат 21:30га карата Араван райондук ооруканасына 11 жаран, Ош шаардык ооруканасына бир адам ар кандай жарааты менен кайрылышкан. Мындан сырткары, беш автоунаа талкаланган", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул окуя боюнча Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүгү ("Жашы жете электер 2 жыл 6 айдан 4 жылга чейин, ал эми чоңдор 5 жылдан 7 жыл 6 айга чейин эркинен ажыратылат") менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Аксы: үгүтчүнү коркутуп башка партияга иштөөгө мажбурлагандар камалды

Учурда мушташкан 10 жаран кармалып сурак берип жатат. Жаңжалдан жаракат алган 12 адам ооруканада. Жакынкы убакта алар да суракка алынат. Тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалып, келтирилген чыгым эсептелүүдө. Мушташ чыгарган жарандарга карата катуу чара көрүлөрү белгиленди.

"Урматтуу Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкерлер, шайлоочулар менен жолугушуу болорун алдын ала коомдук тартипти көзөмөлдөө боюнча ички иштер органдарына кабарлап коюуну суранабыз. Бул окуяда эл чогулткан талапкер жолугушуу өтчү жери жана убактысы туралуу маалымдаган эмес, — деп кайрылды милиция.

Ошону менен катар шайлоо мыйзамдарын бузгандар катуу жазалана турганын эскертти.

457
Белгилер:
оорукана, кармоо, үгүт, мушташ, Араван району, Ош облусу
Тема:
Шайлоо-2020 (253)
Тема боюнча
Ош шаарында милиционер менен тургундар мушташа кетти. Видео
"УИК качан жабылат?", "Мен ишенбейм!". Шайлоонун эсте калган чатактары
Кыргыз темир жолу ишканасында вагондорду араалап салышкан

Вагондорду араалап салышкан. "Кыргыз темир жолунун" бөлүм башчысы кармалды

141
(жаңыланган 15:26 29.10.2020)
Тергөө маалында аталган ишкананын айрым кызматкерлери темир жол вагондорун уруксат кагаздары жок эле араалап салганы аныкталган.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер башкармалыгынын жетекчиси кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан (Финансы полициясы) билдиришти.

  • Кыргыз Темир Жолу мамлекеттик ишканасынын Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер башкармалыгынын жетекчиси кызматынын кыянаттык менен пайдаланды деп шектелип кармалды
    "Кыргыз Темир Жолу" мамлекеттик ишканасынын Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер башкармалыгынын жетекчиси кызматынын кыянаттык менен пайдаланды деп шектелип кармалды
    © Фото / пресс-служба ГСБЭП
  • Тергөө маалында аталган ишкананын айрым кызматкерлери темир жол вагондорун уруксат кагаздары жок эле араалап салганы аныкталган
    Тергөө маалында аталган ишкананын айрым кызматкерлери темир жол вагондорун уруксат кагаздары жок эле араалап салганы аныкталган
    © Фото / пресс-служба ГСБЭП
  • Кармалган жетекчиге бүгүн Биринчи май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы тандалат
    Кармалган жетекчиге бүгүн Биринчи май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы тандалат
    © Фото / пресс-служба ГСБЭП
  • Учурда чыгымдын көмөлү такталууда
    Учурда чыгымдын көмөлү такталууда
    © Фото / пресс-служба ГСБЭП
1 / 4
© Фото / пресс-служба ГСБЭП
"Кыргыз Темир Жолу" мамлекеттик ишканасынын Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер башкармалыгынын жетекчиси кызматынын кыянаттык менен пайдаланды деп шектелип кармалды

Тергөө маалында аталган ишкананын айрым кызматкерлери темир жол вагондорун уруксат кагаздары жок эле араалап салганы аныкталган.

"Мындан улам мамлекетке материалдык чыгым келтирилген. Шарт боюнча, ишкананын балансында турган мүлк жарактан чыкса Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду менен макулдашуудан кийин гана жок кылынышы керек. Бирок фонд вагондорду жок кылууга уруксат кагазын бербегенин билдирди", — деп айтылат кабарда.

Кармалган жетекчиге бүгүн Биринчи май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы тандалат.

Учурда чыгымдын көлөмү такталууда.

141
Белгилер:
чыгым, мыйзам, шектүү, коррупция, жетекчи, Кыргыз темир жолу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кымырылган 9 млрд. сом: Салык кызматы Финполдун кинеси негизсиз экенин айтты
УКМК: коррупциялык иштерге күбө болгондор үчүн ишеним телефондор иштей баштады
Бишкек ТЭЦи

Авария эмес. "Түндүк электр" Бишкек ТЭЦте эмне болгонун тактады

187
(жаңыланган 15:16 29.10.2020)
Бүгүн, 29-октябрда, Бишкекте массалык түрдө улам-улам жарык өчүп жатат. Нааразычылыктар шаардын чар тарабынан түшүүдө. Калаанын көпчүлүк бөлүгүндө жол чырактар иштебей калды.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек ТЭЦинде энергетикалык жабдыктын авариялык коргонуучу системасы иштеп кеткен. Буга байланыштуу ал жактан чыккан 110 киловольттук линиянын чыңалуусу жоголуп кеткен. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, ушул эле ишкана буга чейин жарыктын өчүшүнө Бишкек ТЭЦтеги авария себеп болушу ыктымалдыгын кабарлаган.

Белгилей кетсек, Бишкекте саат 13.10дор чамасында массалык түрдө жарык өчө баштады. Анын айынан светофорлор иштебей жол тыгыны жаралды. Ал эми Бишкек ТЭЦтен оргуштап буу чыгып жатат.

Учурда эмне болуп жатканын Sputnik агенттигинин тексттик трансляциясынан окуп, түз эфирден көрүңүздөр.

187
Белгилер:
"Түндүк Электр" ишканасы, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте электр кубаты өчүп, ТЭЦтен буу чыга баштады. Учурда эмне болуп жатат
Жарык жапырт өчкөндөн кийинки ТЭЦтеги абал. Видео
"Түндүк электр": жарык ТЭЦтеги аварияга байланыштуу өчүп жатат
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сардар Азхар Тарик Ханды кабыл алды

Министр Пакистандын элчиси менен кара тизмеге кирген ЖОЖдорду талкуулады

0
(жаңыланган 18:17 29.10.2020)
Буга чейин Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизгени айтылган. Тараптар дал ушул маселени талкуулашты.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сардар Азхар Тарик Ханды кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда тараптар Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизгени боюнча сүйлөшкөн.

"Кыргыз тарап өлкөдөгү медициналык окуу жайларды кара тизмеден чыгаруу маселесин чечүү жолдору боюнча Пакистандын КРдеги элчилигине расмий кат жолдоого милдеттенди. Пакистан тарап бул маселенин тез арада чечилишине жана КРде билим алган пакистандык студенттердин көбөйүшүнө кызыкдар экенин билдирди", — деп жазылат маалыматта.

Министр Бейшеналиев мындан ары министрлик тарабынан ЖОЖдорго эл аралык аккредитациялардан өтүү, чет элдик жарандарга көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу жана материалдык-техникалык, лабораториялык-клиникалык базаларды жакшыртуу сыяктуу бир катар талаптар коюла турганын айтты.

Буга чейин Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизгени айтылган.

Болочок медиктерге 90 бюджеттик орун бөлүндү. Вирустун кесепетин эске алып.

Мындан сырткары, жолугушууда билим берүү жана илим тармагындагы өз ара кызматташуу дагы талкууланган.

0
Белгилер:
окуу жай, жолугушуу, элчи, министр, Пакистан, Кыргызстан
Тема боюнча
Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизди. Себеби