Оштогу жол кырсыгында өрт чыгып, беш киши жабыркады. Сүрөттөр

© Фото / пресс-служба МЧС КРДТП в Узгенском районе
ДТП в Узгенском районе  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөн районунун Шоро-Башат айылында 20-сентябрь күнү саат 20:30да Daewoo Lanos жана Hyundai Porter автоунаалары кагышкан.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунда болгон жол кырсыгында өрт чыгып, беш адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлышты. 

© Фото / пресс-служба МЧС КРБишкек — Ош унаа жолунда болгон жол кырсыгында өрт чыгып, беш адам жабыркады
Оштогу жол кырсыгында өрт чыгып, беш киши жабыркады. Сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Ош унаа жолунда болгон жол кырсыгында өрт чыгып, беш адам жабыркады

Аталган жолдун 601-чакырымында, тагыраагы, Шоро-Башат айылында 20-сентябрь күнү саат 20:30да Daewoo Lanos жана Hyundai Porter автоунаалары кагышкан.

Кубакы ашуусундагы жол кырсыгында 25 жаштагы жигит каза болду. Сүрөт

"Мындан улам жеңил автодон өрт чыгып, кырсыктын кесепетинен беш киши ар кандай жаракат алган. Учурда алардын аты-жөнү такталууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Жабыркагандар Өзгөн райондук ооруканасына жолдо бараткан унаалардын жардамы менен жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0