Күйүп жаткан унаа. Архив

Жабыла чуркап сууруп чыгышты. Өрттөнгөн унаадагы кишилерди куткарган видео

984
Алдын ала маалыматтар боюнча, унаанын тормоз системасында көйгөй жаралгандыктан айдоочу рулду башкара албай калган.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бишкек — Ош трассасында унаа капталына кулап, күйүп кетти. Жабыркагандар бар. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Ал эми жеринен тартылган видеону Instagram тиркемесиндеги Shtraf.kg баракчасы жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Штраф KG🇰🇬🚔 (@shtraf__kg)

Кадрдан көрүнүп тургандай, кырсыктын күбөлөрү Honda Fit үлгүсүндөгү унаанын ичинен жүргүнчүлөрдү чыгарууга жардам беришкен. Унаанын ичинде үч чоң адам жана эки бала болгон.

Милициянын маалыматына караганда, кырсык кечээ күнү саат 14:00дөр чамасында, трассанын 117-чакырымында катталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, унаанын тормоз системасында көйгөй жаралган. Натыйжада айдоочу рулду башкара албай калып, унаа капталына оодарылып, өрт чыккан.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу менен жубайы жабыркап, ооруканага жеткирилгени айтылды.

984
Белгилер:
жол кырсык, трасса, Ош, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (254)
Тема боюнча
Оштогу автокырсыктан 10 киши жабыркады
Камактагы адам. Архив

12 млн. доллар зыян келген! Сот өкүлчүлүктөрү борборунун директору кармалды

124
(жаңыланган 13:33 28.10.2020)
Мекеме башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып жатат. Учурда кылмышка тиешеси бар башка жогорку кызматтагы адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы өкмөттүн сот өкүлчүлүктөрү борборунун Ш.Т. аттуу директорун кармады. Бул тууралуу Финполдун маалымат кызматы кабарлады.

Мекеме башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып жатат.

"Тергөөнүн жүрүшүндө кыргыз өкмөтүнүн сот өкүлчүлүктөрү борбору менен Финансы министрлигинин жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө — 12 миллион доллардан (1 миллиард сомго жакын) ашык зыян келтирилгендиги аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Кымырылган 9 млрд. сом: Салык кызматы Финполдун кинеси негизсиз экенин айтты

Учурда иш тергелип жатат. Кылмышка тиешеси бар делген дагы башка жогорку кызматтагы адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

124
Белгилер:
директор, кармоо, өкмөт, Экономикалык кылмыштылуукка каршы мамлекеттик кызматы
Тема боюнча
Сыймык Жапыкеев: Финпол ишкерлер менен ачык диалогго даяр
ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев. Архив

ЖКККББнын жетекчи орун басары коррупцияга шектелип кармалды

479
(жаңыланган 12:03 28.10.2020)
Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин пара алуу беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

БИШКЕК, 28-окт. – Sputnik. ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары С.Н.Р. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, ЖККББнын жетекчилик кызматтагы адамдары сый акы алганы боюнча коррупциялык схема аныкталган.

УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаев бошотулат деген кептерге жооп кайтарды

Ведомстводо мындай инициалдарга туура келген бир эле орун басар бар. Ал - Сатыбалдиев Нур Рысканович. Сатыбалдиев бир жыл мурун Бишкекте түзүлгөн Кайгуул күзөт милициясына адамдарды жумушка алууда акча алып турган деп шектелип жатат.

Мындан сырткары, ал иштеп жаткан милиционерлерди кызматынан көтөрүү үчүн пара алып турганы кабарланды.

Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси ("Пара алуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

479
Белгилер:
пара, ЖКККББ, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Ташиев: чек арадагы контрабанданы токтотуп, коррупционерлерди он эселеп төлөтөбүз
УКМК ЖЭБ кызматкерлеринин пара алган мыйзамсыз схемасын аныктады
Меккада зыяратчылар. Архив

Сауд Аравия Кыргызстанга кичи ажылыкка уруксат берген жок

16
(жаңыланган 15:09 28.10.2020)
Ноябрдын башынан тарта умрага 108 өлкөнүн жарандарына уруксат берилген. Булардын катарына Кыргызстан азырынча кирген эмес.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Сауд Аравия Кыргызстанга кичи ажылык кылууга уруксат берген жок. Билдирүүнү муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев тастыктады.

Анын айтымында, ноябрдын башынан баштап кичи ажылык жасоого 108 өлкөнүн жарандарына уруксат берилген. Булардын катарына Кыргызстан азырынча кирген эмес.

"Сауд Аравиянын Ажылык министрлиги сентябрь айында расмий билдирүү тараткан. Анда кичи ажылык эпидкырдаалга жараша үч этап менен жүргүзүлөт деп жазылган. 1-2-этапта Сауд Аравиянын жарандары үчүн гана өткөрүлмөк. Ал эми 3-этапта ноябрдан баштап чет элдик жарандар бармак. Министрлик коронавирус боюнча ар бир мамлекеттин эпидемиологиялык кырдаалын эске алып, аларды түстөргө бөлүп чыккан. Кичи ажылыкка уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмеси жашыл түскө киргизилсе, азырынча уруксат берилбей турган мамлекеттер сары түскө, такыр эле барганга болбой турган өлкөлөр кызыл түс болуп көрсөтүлөт. Кыргызстанда азыр эпидкырдаал туруктуу болбой жаткандыктан сары түскө кирген", — деди Атабаев.

Кичи ажылыкка уруксат берилген 108 мамлекеттин ичинде Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай сыяктуу мамлекеттер бар. Ал эми сары түстөгү тизмеге Кыргызстан, Иран, Италия, Египет сыяктуу мамлекеттер кирген.

Коронавирус кыйсыпыры жана кыргыздар. Абалды ашкерелеген үч нерсе

Атабаев бул убактылуу чечим экенин айтып, өлкөдө ооругандар азайып, кырдаал турукташса Сауд Аравия Кыргызстанды жашыл түстөгү тизмеге киргизет деп ишене турганын кошумчалады.

16
Белгилер:
тизме, уруксат, Ажылык, Кыргызстан, Сауд Аравиясы