Чүйдө үч айдан бери дайынсыз болуп жаткан аял изделүүдө. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиПропавшая в Чуйской области Айгуль Жангирова
Пропавшая в Чуйской области Айгуль Жангирова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял 3-июнда Токмок шаарындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес. Милиция сүрөттөрүн, өзгөчө белгилерин таратып, издеп жатат.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Чүй облусунда дайынсыз жоголгон 36 жаштагы Айгүл Жангирова изделип жатат. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Жангирова  3-июнда Токмок шаарындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес. Анын кайда экенин белгисиз.

Кыргызстандан АКШга барган аялдын табышмактуу жоголушу. Сот шектүү күйөөсүн актады

"Бою 160-165 сантиметр, чачы кара, кой көз. Сары түстүү көйнөк жана штапель шымчан, бутунда ак түстөгү илме бут кийим болгон", — деп айылат маалыматта.

Милиция Жангирова тууралуу көргөн-билгендер, маалымат уккандар болсо төмөнкү телефондорго: (0312) 60-73-63, (0709) 07-21-56, (0551) 10-27-53 билдирип коюуну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0