Кыргызстандын жараны Россиянын бажы кызматкерине пара берип жатып кармалды

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүУральские таможенники передали больнице 150 тысяч конфискованных медсредств
Уральские таможенники передали больнице 150 тысяч конфискованных медсредств - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФ аймагына мыйзамсыз негизде бут кийим киргизүүгө аракет жасаган кыргызстандык жаран бажы кызматкерине пара сунуштаган. Бирок ал акчаны албастан, тийиштүү органдарга кабарлаган.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Россияда бажы кызматкерине 300 миң рубль пара берген кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Урал бажы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, КР жараны Россиянын аймагына маркировкадан өтпөгөн 70 миң бут кийим киргизүүгө аракет жасаган. Товар жүктөлгөн унаа орус-казак чек арасындагы "Бугристое" көзөмөл өткөрүү бекетинен кармалган.

Эки күн мурда Финпол колго түшүргөн салыкчы кызматтан алынды

Бажы кызматкери ага пара сунушталганы тууралуу Челябинск бажысынын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнө кабарлаган.

"Пара берүү фактысы каттоого алынып, шектүү колго түштү", — дешти башкармалыктан.

Факты боюнча РФнын Кылмыш-жаза кодексинин 291-беренеси ("Пара берүү") боюнча кылмыш иши козголду. Шектүүгө 1-3 миллион айып салынып же 7-12 жылга эркинен ажырашы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0