Porter менен Ак-Буурага түшүп кеткен 4 жаштагы баланын сөөгү табылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРДарыяда издөө иштери. Архив
Дарыяда издөө иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучулар наристенин сөөгүн эки жумадан бери издеп жаткан. Сууга кулаган унаадагы дагы бир киши көз жумса, бирөө аман калган.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Оштогу Ак-Буура дарыясына кулап кеткен унаадагы төрт жашар баланын сөөгү табылганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Эске сала кетсек, 14-сентябрда Ноокат районунун Күндүү Дөбө айылында Ак-Буура дарыясына Hyundai Porter үлгүсүндөгү автоунаа кулап кеткен. Унаанын ичиндеги үч кишинин бирөө каза тапса, бирөө аман калган, ал эми төрт жаштагы бала изделип жаткан.

Аламүдүн суусуна түшүп кеткен кыздын сөөгү 41 күндөн кийин табылды

Кечээ, 27-сентябрь күнү, эртең менен Ноокат райондук №71 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери издөө иштерин уланткан. Натыйжада саат 16:40тар чамасында жаш баланын сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0