УКМК аткаминерди пара менен кармап, кабинетинен 1,3 млн. сом тапты. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГКНБЗадержание заместителя директора Департамента по делам банкротства Министерства экономики КР
Задержание заместителя директора Департамента по делам банкротства Министерства экономики КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Директордун орун басарынын кызматтык бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүлгөндө 1 миллион 331 миң 300 сом табылган.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Экономика министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаментинин директорунун орун басары пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Аталган аткаминер өзү менен иштеген адамга 100 миң сом пара берүүгө аракет кылганы айтылат. 

© Фото / пресс-служба ГКНБАткаминер өзү менен иштеген адамга 100 миң сом пара берүүгө аракет кылганы айтылат.
УКМК аткаминерди пара менен кармап, кабинетинен 1,3 млн. сом тапты. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Аткаминер өзү менен иштеген адамга 100 миң сом пара берүүгө аракет кылганы айтылат.
"Кармалган кызматкер банкроттук уюмдардын активдерин төмөн баада алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүп алган. Департаменттин атайын администратору ишкананын активинин наркын төмөндөтүү боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерге катышуудан баш тарткан. Мындан улам анын функцияларын өзүнүн карамагындагы кызматкерге өткөрүп берүү максатында ага өз ыктыяры менен кызматтан кетиши үчүн каражат сунуштаган", — деп айтылат маалыматта.

Директордун орун басарынын кызматтык бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүлгөндө 1 миллион 331 миң 300 сом табылган. Ал акча кайдан келгендиги аныкталып жатат.

УКМК: чек ара заставасынын башчысы пара берип жатканда кармалды. Сүрөт

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Жазык кодексинин 328-беренеси ("Пара берүү") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган аткаминер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0