Киевде АКШ элчилигинде иштеген аялдын өлүмүнүн себеби иликтенип жатат

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүАКШнын Киевдеги элчилигин имараты. Архив
АКШнын Киевдеги элчилигин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгач полиция аялды өлтүрө сабап кетишкенин билдирсе, кийинчерээк жергиликтүү басылмага укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адам аны поезд коюп кетиши мүмкүндүгүн маалымдаган.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Украинанын борбору Киевде АКШ элчилигинин кызматкеринин өлүмү иликтенип жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Киев Улуттук полициясынын маалымат кызматы дипөкүлчүлүктүн кызматкери ооруканага токмок жеп түшкөндөн кийин каза тапканын билдирген. Укук коргоо органдары окуянын жагдайын тактап жатат.

Трамп: полиция кызматкерлерин жөн жерден атып кеткен киши өлүм жазасына тартылат

Полициядан билдиришкендей, шаршемби күнү Киев шаарынын Шевченко районундагы темир жол каттамына жакын жердеги токойлуу аймакта башынан жаракат алган аял жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жакка полиция кызматкерлери жана башка кызматтардын өкүлдөрү жөнөп кеткен.

"Аял эс-учун жоготкон абалда ооруканага жаткырылып, кийин ал ошол жерден көз жумган. Жабырлануучунун буюмдарын текшерүү учурунда анын АКШ элчилигинде иштей турганын тастыктаган күбөлүк табылган. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кызматкерге кол салышы ыктымал делген адамдын болжолдуу портрети түзүлүп, изделип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Украина полициясынын өкүлдөрү РИА Новостиге маркумдун жарандыгы тактала электигин билдиришкен. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, аялдын аты Санвер Никаело болгон.

Андан кийин "Цензор.НЕТ" басылмасы укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамга таянуу менен элчиликтин кызматкерин поезд коюп кетиши ыктымалдыгын жазган. Аял кулакчын тагынып алып темир жол жакта чуркаганы божомолдонгон.

Ошондой эле маалымат берген киши элчиликтин кызматкери желке тушунан оор жаракат алганын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0