Оштун Кара-Суусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титиреди

© AFP / TED ALJIBEСейсмограф аппараты. Архив
Сейсмограф аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөө Кара-Суу районунун Жаңы-Арык, Отуз-Адыр, Кызыл-Ордо, Мады айылдарында 3,5 балл, Баш-Булак айылында 3 баллга чейин сезилген.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жер силкинүү 4-октябрь күнү болжол менен саат 20:12де катталган.

Жер титирөө Кара-Суу районунун Жаңы-Арык, Отуз-Адыр, Кызыл-Ордо, Мады айылдарында 3,5 балл, Баш-Булак айылында 3 баллга чейин сезилген.

ӨКМ белгилегендей, жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0