Милиция "Ала-Тоо" аянтындагы митингчилерди кубалай баштады. Видео

© Sputnik / Эламан КарымшаковМилиция "Ала-Тоо" аянтына чогулган митингчилерди кубалай баштады
Милиция Ала-Тоо аянтына чогулган митингчилерди кубалай баштады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түшкө чейин "Ала-Тоо" аянтында акырындан эл топтолуп, түштөн кийин шайлоодон утулуп калган сегиз партиянын башын бириктирген ири митингге айланган.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Милиция "Ала-Тоо" аянтына чогулган митингчилерди кубалай баштады. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

Буга чейин милиция өкмөт үйүнүн жанындагы скверге келип орун алганы айтылган эле.

Эске салсак, бүгүн түшкө чейин "Ала-Тоо" аянтында акырындан эл топтолуп, түштөн кийин шайлоодон утулуп калган сегиз партиянын башын бириктирген ири митингге айланган. Алар 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, адилеттүүлүктү талап кылууда.

Шайлоодон кийинки абал тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0